Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:54

Байден Орусияга киргизилген акыркы санкцияларга комментарий берди


Жо Байден.
Жо Байден.

АКШнын президенти Жо Байден 6-апрелде Вашингтондо Орусиянын Украинага басып киришине байланыштуу киргизилген санкциялардын жаңы пакети боюнча комментарий берди.

Байден санкциялардын соңку пакети орус экономикасынын акыркы он беш жылдагы пайдасынан куржалак калтырарын айтты.

“Анткени биз Орусияны жаңы үлгүдөгү өткөргүчтөрдү, кванттык технология үчүн керектүү компоненттерди, интернет операцияларын коопсуз коддоо сыяктуу технологияларды, XXI кылымда атаандаш болуу үчүн зарыл болгон нерселерди импорттоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыраттык. Биз көп жылдар бою орус экономикасынын өсүү мүмкүнчүлүгүн бөгөттөйбүз”, - деп айтканын "Америка добушу" билдирди.

Ал Орусия рыногунан чыгып кетип жаткан жеке компанияларды да атады.

Байден жаңы киргизиле турган санкциялар туурасында да айтты. “Биз толук бөгөттөлө турган мамлекеттик компаниялардын тизмесин кеңейтебиз. Бул компаниялар орус өкмөтүнүн кирешесинин негизги булагы жана Путин аны өзү үчүн жана Украинадагы согуш үчүн колдонот”, - деди. Ал орусиялык ири бизнес өкүлдөрүнө каршы дагы санкциялар боло турганын белгиледи.

Кошмо Штаттар Орусиянын Украинага басып киргенине байланыштуу шаршембиде жарыяланган жазалоочу чаралардын жаңы пакетинин алкагында орус президенти Владимир Путиндин эки чоң кызына финансылык санкция салган. Вашингтон администрациясынын жогорку өкүлүнүн айтымында, “кара тизмеге” орус тышкы иштер министри Сергей Лавровдун жубайы менен кызы, өкмөт башчы Михаил Мишустин, Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев да кирген.

Ошондой эле санкцияга Орусиянын эң ири финансылык институту - Сбербанк жана менчик Альфа-банк кабылды.

Мындан тышкары АКШ Орусияга жаңы инвестиция салууга уруксат бербейт.

Орусиянын санкция салынган мамлекеттик ишканаларынын жана конкреттүү кишилердин жаңы тизмеси бейшемби күнү жарыяланат деп күтүлүүдө.

Байден ошондой эле Украинага аскерий жабдыктар берилерин айтты. “Америка добушу” билдиргендей, аналитиктер батыштын санкцияларынан улам орус экономикасынын көлөмү 15% кыскарарын айтышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG