Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:46

Нур-Султанда соттун чечимине нааразылар Жогорку соттун имаратында түнөдү


Соттун чечимине макул эмес адамдардын тобу. Нур-Султан. 6-апрель
Соттун чечимине макул эмес адамдардын тобу. Нур-Султан. 6-апрель

Казакстандын баш калаасы Нур-Султанда соттун чечимине макул эмес адамдардын тобу 4-апрелден бери Жогорку соттун имаратында түнөөдө. Чогулгандар ар кайсы аймактын тургундары. Алар Жогорку соттун төрагасы Жакып Асанов кабыл алмайынча тарабай тургандарын айтышууда.

“Биздин конституциялык укуктарыбыздын алкагында бир гана талабыбыз бар - Жакып Асановдун кабыл алуусунда болуу. Буга чейин ага 15 киши кирип чыккандан кийин алардын тогузунун талабы аткарылды. Бирин эркиндикке чыгарды, айрымдарынын турак жайын калтырды. Анткени соттун мыйзамсыз чыгарылган чечимдерин жокко чыгаруу төраганын колунда”, - деди ишкер Ерлан Жакиев.

Нааразы болуп чыккандардын арасында ИИМ, Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлери дагы бар. Алар соттун чечимин кайра карап чыгууну жана кызматын калыбына келтирүүнү талап кылышууда. 72 жаштагы Батиш Жакенов уулун 24 жылга акыйкатсыз камап койгонун, түрмөдө ден соолугунан ажыраганын айтууда.

6-апрелде аларга соттун өкүлү чыгып, төрага бардык инстанциялардан өткөн иштер боюнча кабыл албай турганын, кайра кароого боло турган иштер боюнча гана кабыл ала турганын айткан.

Казакстанда соттун чечимине макул болбогон жарандар нааразылык акциясына чыгып, бийликке кайрылуу жазып келишет. Былтыр июль, октябрь айларында нааразы топ сот чечимдерин кайра кароону талап кылып, Жогорку соттун имаратынын алдында түнөгөн. 2019-жылы президенттик шайлоонун алдында Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана Жогорку соттун өкүлдөрү соттордун чечимдери менен макул болбогон жарандарды кабыл алып, алардын арыз-даттанууларын кароо боюнча комиссия түзүүнү пландап жатканын билдиришкен. Митингчилер бул комиссиядан жыйынтык чыкпаганын айтышууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG