Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:47

Сирия, Ирактагы абактарда 500дөн ашуун кыргызстандык бар экени айтылды


Ирактагы түрмөлөрдүн бири.
Ирактагы түрмөлөрдүн бири.

Сириядагы, Ирактагы абактарда 500дөн ашуун кыргызстандык жаран бар. Бул тууралуу 6-апрелде парламентте башкы прокурор Курманкул Зулушев билдирди.

Депутат Жалолиддин Нурбаев Сириядагы лагерлерде отурган кыргызстандык кыз-келиндерди, балдарды алып келүү боюнча иштердин чоо-жайын сурады. Зулушев Тышкы иштер министрлиги жана прокуратура аркылуу сүйлөшүүлөр уланып жатканын айтты.

Сириядагы кыз-келиндерин кайтара албай жаткан жарандар 29-мартта Бишкекте маалымат жыйын өткөрүп, өлкө жетекчилигинен жардам сурашкан.

Алар президент Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкуловго кайрылуу жолдошкон. Сириядагы жакындары адам чыдагыс шартта күн кечирип жатканын айтышкан.

УКМКнын 2018-жылдагы маалыматына караганда, Сириянын согуш болуп жаткан аймактарына Кыргызстандан 850 жаран кетип, анын 150сү ошол жакта набыт болгон. "Ислам мамлекети" (Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган) террордук тобуна кошулуп кеткен кыргызстандыктардын 140ка жакыны аялдар экени айтылган.

Кыргызстан 2021-жылдын март айында "Мээрим" гуманитардык миссиясынын алкагында Ирактагы качкындар лагеринен 3-18 жаштагы 79 баласын алып келген.

Эл аралык Булан институтунун 2021-жылдагы маалыматына караганда, Сирияда 70 миң аял жана бала чөлдө чатырларда, аскерлердин кайтаруусунда жашап жатат, алардын 43 миңи балдар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG