Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:12

Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзам долбоору үч окуудан өттү


 Жогорку Кеңештин отуруму
Жогорку Кеңештин отуруму

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырышты.

Каржы министрлиги билдиргендей, мыйзам долбоорунун негизги максаты - мамлекеттик сатып алуулар системасын өркүндөтүү жана алдыңкы тажрыйбаларды киргизүү. Ошондой эле мамлекеттик сатып алуулардын жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү жана коррупцияны минималдаштырууга багытталган.

Жаңы долбоордо сатып алуулардын жол-жоболоруна төмөнкүдөй сунушталган:

- Электрондук кол тамганы колдонуу аркылуу электрондук сатып алууларга толук өтүү. Электрондук форматта келишимдерди түзүү;

- Борборлоштурулган мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүчү органды түзүү.

Сатып алуулардын борборлоштурулган жол-жобосун уюштуруу жана өткөрүү тартибин Министрлер кабинети аныктайт.

Буга чейин каржы министринин орун басары Улукбек Календеров мыйзам долбооруна ылайык, мамлекеттик капиталдын үлүшү 50% жана андан көп болгон бардык компаниялар, акционердик коомдор сатып алуучу уюмдардын тизмесинен чыгарылып жатканын айткан.

Долбоор кабыл алынгандан кийин мамлекеттик сатып алуулардын көлөмү 28 миллиард сомго кыскарат.

Жогорку Кеңештин айрым депутаттары бул мыйзам долбоорго каршы чыгып, мамлекеттик компаниялар урук-туугандарынан сатып алууну жүргүзө баштайт деген сын айтышкан.

2021-жылдын сегиз айында мамлекеттик мекеме, компаниялар 73,9 миллиард сомго сатып алууларды жүргүзгөн.(KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG