Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:55

Кыргызстандын аймактарында 7-апрель окуясы эскерилди


Жалал-Абадда Апрель окуясынын курмандыктары эскерилди. 6-апрель, 2022
Жалал-Абадда Апрель окуясынын курмандыктары эскерилди. 6-апрель, 2022

Бүгүн, 6-апрелде Кыргызстандын бир катар аймактарында 2010-жылдагы 7-апрель окуясын эскерүү иш-чаралары өттү.

Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында Апрель ыңкылабында курман болгон жарандар эскерилди. Иш-чарага президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев, шаар мэри Эрнисбек Ормоков, аксакалдар, мекеме-ишкана жамааттары жана тургундар катышты.

Эркинбек Маматаев "12 жыл мурда 7-апрелде кыргыз эли бир максатка биригип, өзүнүн эркин көрсөткөнүн" белгиледи. Окуяда Жалал-Абад облусунан тогуз адам курман болуп, 67си жараат алган. Жыл сайын жергиликтүү бийлик тарабынан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө колдоолор көрсөтүлүп турат.

Ысык-Көлдүн Каракол шаарында Апрель ыңкылабында каза болгондорго арналып тургузулган эстеликке гүл коюлду. Ал эми ыңкылап баатырларына сыйлыктар тапшырылды. Кандуу окуялар учурунда аймактан тогуз киши каза болгон.

Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепканасында "Баатырларга таазим" аттуу эскерүү кечеси өттү. Иш-чарада "Эл баатырлары унутулбайт" аталышында китеп, сүрөт көргөзмөсү уюштурулуп, андан соң Апрель баатырлары революциянын келип чыгышын чагылдырган видео баяндар көрсөтүлдү.

5-апрелде Таласта "Апрель Элдик революциясы: себептери, сабактары жана тарыхый мааниси" аттуу илимий-практикалык жыйын өткөн.

2010-жылы электр энергиясынын кымбаттоосу сыяктуу бир топ социалдык маселелер элдин толкундоосуна алып келип, 7-апрелде бийлик алмашкан. Бул күнү Бишкектин борбордук аянтына акыйкат үчүн чыккан элге ок атылып, 87 эр- азаматтын өмүрү кыйылып, жүздөгөн адамдар жараат алышкан.

7-апрелди Апрель окуясынын курмандыктарын эскерүүнүн урматына дем алыш күн деп жарыялоо тууралуу мыйзамга ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев 2016-жылы кол койгон.

Өлкөнү 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаев бир нече айып боюнча 2019-жылдан бери камакта отурат.

2010-жылы 6-7-апрелде ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин бийлигине каршы чыккан элге ок атылып, 90дой демонстрант каза болгон. 500дөн ашууну жараат алган. Бакиев бийликтен кулап, үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткен.

Апрель окуясы боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев баш болгон 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далил жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

XS
SM
MD
LG