Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Президент жер тилкелерин мыйзамдаштыруу жөнүндө мыйзамга кол койду


Жаңы конуштардын бири. Бишкек.
Жаңы конуштардын бири. Бишкек.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров “Жер-укуктук мамилелерди жөнгө салуу жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, мыйзамдын максаты - жер участокторуна мунапыс берүүнүн укуктук негиздерин, шарттарын жана тартибин аныктоо.

"Мыйзамда каралган жер мунапысынын объектилерине болгон жарандардын менчик укуктарын мамлекет тарабынан бекитүү боюнча жер мунапысын жүргүзүүнү жөнгө салат", - деп жазылган маалыматта.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2022-жылдын 17-мартында кабыл алган.

Президент былтыр 25-декабрда жаңы конуштардын тургундарына жолугуп жатып 2022-жылдын 1-апрелине чейин Кыргызстан боюнча 25 миң гектар жер трансформацияланып, ал жакта жашап жаткандардын үйү мыйзамдаштырыларын айткан.

Мамлекеттик Кадастр мекемесинин жетекчиси Эрнест Сулайманбеков учурда тактоо иштери жүрүп жаткандыгын, 2009-жылга чейин гана берилген жерлер трансформациядан өтөрүн айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG