Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:53

Депутат кен иштетүүдө ата мекендик ишканаларга артыкчылык берүүнү сунуштады


Кумтөр.
Кумтөр.

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков кен байлыктарды иштетүүдө ата мекендик ишканаларга артыкчылык берүүгө чакырды.

Эл өкүлү парламенттин 6-апрелдеги жалпы жыйынында сүйлөп жатып, кен иштетүү боюнча тендерди дээрлик чет өлкөлүк компаниялар утуп жатканына токтолду.

"Канадалыктар биздин компанияларды жалдап иштетчү. Азыр тендерден Казакстан, Монголия, Түркиядан уткандар көбүрөөк болуп жатат. Өзүбүздүн ата мекендик өндүрүүчүлөргө артыкчылык берсек. Ушул жагынан Тенгиз Бөлтүрүктөн адилеттүү кароону суранат элем. Эгер башкаларды жалдап, тендерди башкалар утса, акча дагы деле башка жакка кете берет", - деди Кадырбеков.

Эл өкүлү 12 алтын кенди сатканда кымбат баалап, бирок үлүш албай тургандай келишим түзүлүп калганы жөнүндө маалымат алганын, аны инвентаризация кылууну жана Кумтөрдү уят болбогудай сапаттуу башкарууну сунуштады.


Президент Садыр Жапаров 4-апрелдин кечинде кайрылуу жасап, канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен доо-арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге кол коюлганын жарыялаган.

Мамлекет башчы мындан ары "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын 100% акциясы Кыргызстанга таандык экенин айткан. 2022-жылы Кыргызстандын бийлиги Кумтөр алтын кенинен 500 млн. доллар киреше алууну пландап жатканын кошумчалаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG