Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:36

Евробиримдик менен Кыргызстандын кызматташтыгы талкууланат


Кыргызстан менен Европа Биримдигинин желектери.
Кыргызстан менен Европа Биримдигинин желектери.

Кыргызстанга Европа Биримдигинин Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча башкаруучу директорунун орун басары Люк Девин келди.

Ал бүгүн, 6-апрелде Европа Биримдиги менен Кыргызстандын кызматташтыгы боюнча комитеттин жыйынына катышат. Девин ал жыйында теңтөрагалык кыла турганын уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Мындан сырткары Люк Девин Кыргызстандын жогорку жетекчилери менен жолугуша турганы пландалган.

Кызматташтык боюнча комитет - саясат жана адам укуктары, соода, айлана-чөйрө жана башка жогорку деңгээлде өтө турган эки тараптуу диалогдун жыл сайын уюштурулчу институтташтырылган форматы.

Европа Биримдиги 2014-2020-жылдар аралыгында Кыргызстанга 174 миллион доллар жардам бөлгөнүн уюмдун өкүлү Люк Девин буга чейин Бишкекке келгенде билдирген. Жардам негизинен реформаларды жүргүзүүгө багытталган. Берилген акчанын көбү билим берүү, социалдык коргоо жана шайлоо системаларын жакшыртууга сарпталары айтылган.

Европа Биримдиги менен Кыргызстан эки тараптуу мамилени бекемдөөгө багытталган кызматташтык жана өнөктөштүк жөнүндө жаңы макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөрдү 2017-жылдын соңунда баштаган. Буга чейинки макулдашуу 1999-жылы түзүлгөн.

XS
SM
MD
LG