Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:15

Москва: Сот “Мемориалды” жабуу чечимин күчүндө калтырды


"Мемораиал" укук коргоо борборунун Кеңешинин төрагасы Александр Черкасов.
"Мемораиал" укук коргоо борборунун Кеңешинин төрагасы Александр Черкасов.

Москвада апелляциялык сот “чет өлкөлүк агент” деп табылган “Мемориал” укук коргоо борборун жабуу тууралуу чечимди күчүндө калтырды.

Биринчи апелляциялык сот Москва шаардык сотунун чечимин караганы шейшембиде белгилүү болгон. Аталган борбордун расмий сайтында аталган уюм жабылганын, соттун чечими күчүнө киргени жазылган. Анда уюмдун сайты мындан ары жаңыланбай турганы айтылат.

“Мемориалдын” Телеграм-каналында соттун чечимине каршы Экинчи кассациялык сотко арыз жарым жыл ичинде жазылышы ыктымал экени белгиленген.

“Көрүшкөнчө. Биз кайтып келебиз, Орусия эркин өлкө болот!”, - деп жазылган билдирүүдө. Бул тууралуу “Медуза” басылмасы жазды.

Орусиянын Башкы прокуратурасы уюм чет өлкөлүк агенттин функциясын аткарганы тууралуу маалыматты жаап-жашырып келгени үчүн Жогорку сотко кайрылган.

Жогорку сот 2021-жылдын 28-декабрында "Мемориал" уюмун жабуу чечимин кабыл алган. Соттун пикиринде, "Мемориал" уюму коомдук бирикмелердин конституциялык теңдик принцибин бузган.

"Мемориалдын" жабылуусуна СССРдин мурдагы лидери Михаил Горбачев, Нобел сыйлыгынын лауреаттары каршы чыгып, уюмду куугунтуктоону токтотууга үндөшкөн.

Соттордун соңку чечими Батыш өкмөттөрүнүн, укук коргоочу активисттердин катуу сынына кабылды.

Чет өлкөлүк агенттер тууралуу мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынып, кийин бир нече жолу өзгөртүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG