Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Кумтөр Кыргызстандын менчигине өттү


Кумтөр кени. 28-май, 2021-жыл.
Кумтөр кени. 28-май, 2021-жыл.

Кыргыз бийлиги менен Канаданын “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы талаш-тартышты чечкен макулдашууга кол коюлду. Президент Садыр Жапаров түз эфир аркылуу элге кайрылуу жасап, Кыргызстан эң чоң алтын кенине толук ээлик кыларын жарыялады. Торонтодогу "Центерра Голд" дагы бул маалыматты ырастады.

“Центерра Голд” менен болгон талаш-тартышты чечүү жана жөнгө салуу тууралуу келишимге кол коюлду. Мамлекет башчысы бул күндү өлкө тарыхындагы чыныгы бурулуш учур деп атады.

“Мындан ары Кумтөр кени толугу менен Кыргызстанга таандык, башкача айтканда, “Кумтөр Голд Компани” ишканасынын 100% акциясы республикабызга тиешелүү. Биз кенди өткөн жылдын май айында ага тышкы башкарууну киргизген күндөн тартып эсептелишине жетиштик. Демек, 2021-жылдын 15-майынан берки бардык таза кирешелер, тагыраак айтканда, 323 миллион АКШ долларынан ашык каражат биздин менчик экендигин расмий түрдө таанытканга мажбурладык. Мындан тышкары, “Центерра” бизге өткөн жылдын үч кварталы үчүн дивиденддерди төлөп бермей болду. Анын көлөмү болжол менен 11 млн. АКШ долларын түзөт. Дагы бир жетишкендик– “Центерра” кыргыз тарапка 50 млн. АКШ доллары өлчөмүндөгү бир жолку төлөмдү да төлөп берет. Буга да жетиштик. Биз “Кумтөр” кенин рекультивациялоо фондуна карата көзөмөлдү толук өзүбүзгө кайтарып алдык – бизге 53 млн. доллар келет. Бул каражат мурда Лондон банкынын трасттык эсебинде сакталып келген. “Центерра” 2021-жылдын май айындагы алтындын партиясы үчүн алар алып кете албай калган 29 млн. долларды төлөп берүү боюнча койгон талабынан баш тартты. “Центерра” АКШда, Швецияда жана Канадада кыргыз тарапка каршы козголгон бардык соттук териштирүүлөрдү жана дооматтарды токтотмой болду. Ал эми “Кыргызалтын” ачык акционердик коому “Центеррадагы” 26% үлүшүн өзүнө өткөрүп алат. Ошол эле учурда “Центерра” аталган акциялар пакетине укуктарды өткөрүп берүүгө байланыштуу Канаданын мыйзамдарына ылайык, бардык салык төлөмдөрүн өз эсебинен жабат. Биз, кыргыз тарап дагы “Центеррага” каршы козголгон бардык соттук жана башка иштерди, дооматтарды токтотобуз”,-деди Жапаров.

Президент Кумтөр боюнча макулдашуу жыйынтыгы тууралуу түз эфир аркылуу кайрылуу жасады:

Мындай макулдашууга жетишүү оор болгону белгиленди. Кыргыз бийлиги жетишилген келишимдин шарттары оптималдуу болгонун жана улуттук кызыкчылыкка төп келгенин ишендирди. Сот иштери болсо, анда “процесс жана эл аралык арбитраж узак жылдарга созулуп кетмек, бери дегенде дагы 5 жыл убактыбызды, он миллиондогон доллар каражатыбызды коротмокпуз, же болбосо, жети-сегиз жылга созулуп тура бермек” дейт Жапаров.

“Эгерде буга чейин биз жыл сайын дивиденддердин символикалуу көлөмдөрүн гана алып келсек, тактап айтканда, 20 жылдын ичинде жалпысынан 85 млн. доллардын тегерегинде алып келсек, өткөн жылдын жети айында эле 323 млн. доллар кирешеге ээ болдук. Быйыл буюрса, 500 млн. долларга чейин алабыз. Кумтөр кени бүгүнкү күндө орточо эсеп менен 3 млрд. долларга бааланууда. Адистердин эсебине таянсак, жакынкы 10 жылда Кумтөрдөн кеминде 5 млрд. доллар киреше алууга жетишебиз, башкача айтканда, 160-200 тонна алтын казылат. Бул бюджетке түздөн-түз чоң пайда, колдоо. Мен тастыкталган эсептөөлөрдү гана айттым. Бирок ал жакта башка мүмкүнчүлүктөр да бар”

“Центерра” да Жапаровдун кайрылуусу башталган учурда билдирүү таратып, кыргыз өкмөтү менен мындай макулдашуу болгонун ырастады. Компаниянын маалыматына ылайык, "Кыргызалтын" "Центеррадагы" 26 пайыз акциясын өткөрүп берет. 1-апрелге карата баасы 972 миллион Канада доллары деп эсептелген бул акциялар "Центерранын" колуна тийгенден кийин жоюлат. Кыргыз өкмөтү менен бул макулдашууга "Центерранын" акционерлери экинчи кварталда добуш бермекчи.

“Центерра Голд” менен кыргыз бийлигинин сүйлөшүүлөрү

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин кыргыз өкмөтү былтыр, 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Буга компания экологияга эбегейсиз чыгым келтиргени жана ири суммада салыктарды төлөбөй келгени негиз катары көрсөтүлгөн. “Центерра Голд" компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, Кыргызстандын бийлигине каршы Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.

Тараптар былтыр сентябрь айында Швейцариянын Женева шаарында сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Сүйлөшүүнүн экинчи раунду декабрь айынын акыркы жумаларында видеоконференция форматында уюштурулган.

3-январда “Центерра Голд” кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүдөгү өзүнүн негизги шарттарын жарыялаган. Анда "Центерра Голддогу” Кыргызстанга таандык 26,1% акцияны канадалык инвесторлорго өткөрүп берүү жана соттук териштирүүлөрдү токтотуу сыяктуу жогоруда айтылган шарттар жазылган.

Президент Садыр Жапаров Кумтөр боюнча юридикалык докуметтерге кол коюу жараяны жүрүп жатканын "Вечерний Бишкек" басылмасына 17-январда курган маегинде билдирген.

2021-жылдын декабрь айында Садыр Жапаров кыргызстандыктар Кумтөрдүн үзүрүн 2022-жылы көрөрүн, алтын кен 100% Кыргызстандын колунда экенин, кол коюу процедуралары гана калганын билдирген.

Ушул жылдын 9-мартында Министрлер кабинети сунуштаган "Центерра Голд" менен келишимдин шарттары боюнча долбоор Жогорку Кеңеште жабык каралды. Долбоор колдоо тапканы айтылып, бирок анда кандай маселе камтылганы белгисиз бойдон калган. Өкмөт да, парламент өкүлдөрү дагы эч кандай расмий комментарий берген эмес.

25-мартта Министрлер кабинети “канадалык Centerra Gold компаниясы менен кыргыз тараптын ортосундагы өз ара дооматтарды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө” токтом чыгарды. Документте эки тараптын келишиминин мазмуну бекитилип, өкмөт башчы Акылбек Жапаровго кол коюу укугу берилген.

Кумтөрдүн таржымалы

Кумтөр алтын кени Кыргызстандын ички дүң өнүмүнүн 10% ашыгын камсыз кылат. 1997-жылдан бери бул кенде 400 тоннанын тегерегинде алтын өндүрүлгөн.

Адеп “Кумтөр” алтын кен долбоорунун 67% Кыргызстанга, 33% канадалык “Камекого” караган. 2003-2004-жылдары бул долбоор “Центерранын” курамына бириктирилип, Кыргызстандын андагы үлүшү 33% түшкөн. Аны улай мурдагы президент Аскар Акаевдин тушундагы өкмөт 17% акциясын да сатып жибергени, Кыргызстандын “Центеррада” 15% үлүшү калганы белгилүү болгон.

2009-жылы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин өкмөтү “Центерра” менен концессиялык келишимге кол коюп, анда “Центеррадагы” кыргыз өкмөтүнүн үлүшү 33% түзгөн.

2016-жылы кыргыз өкмөтү менен орток пикир табылбай жаткан маалда, “Центерра” компаниясы Түндүк Америкадагы жаңы кенди сатып алуу үчүн кошумча эмиссияларды чыгарган. Бул кыргыз тараптын үлүшүнүн 26,5% түшүп кетишине жол ачкан.

Бир нече жыл мурда Кумтөрдөгү алтын 2026-жылга барып түгөнөрү кабарланган. Бирок “Центерра Голддун” жетекчилиги жаңы чалгындоо аянттарынын эсебинен кендин өмүрү дээрлик 2031-жылга чейин узарып жатканын билдирген.

25-мартта "Кумтөр" ишканасы 2021-жылдагы ишинин отчётунда былтыр кенден 251 млн. доллардан ашуун таза киреше алынганын жарыялады.

Анда 2021-жылы алтын сатуудан түшкөн жалпы киреше 856 млн. доллар болгону, анын ичинен бардык төлөмдөрдү төлөгөндөн кийин калган таза киреше 251,3 млн. долларга жеткени айтылган. 2021-жылы Кумтөр кенинен 14,7 тонна алтын казып алынган.

“Кумтөр Голд Компани” былтыр өлкө бюджетине салык жана башка төлөмдөрдүн алкагында 160,3 млн. доллар төккөн. Отчетто бул сумма пландалган көрсөткүчтөн 53,1 млн. долларга же 50,7 % көп деп жазылган.

Кумтөр иши: камакка алуулар

“Кумтөр иши” боюнча камоолор 2021-жылы июль айында башталды. 2012-2015-жылдар аралыгындагы чечимдерге байланыштуу экс-премьер-министрлер Өмүрбек Бабановго, Темир Сариевге, Жоомарт Оторбаевге, экс-депутаттар Исхак Пирматовго, Талантбек Узакбаевге, Алмаз Баатырбековго жана өкмөттүн парламенттеги мурдагы өкүлү Динара Молдошевага да айып коюлган.

Атайын кызмат 1992-жылы Кумтөр боюнча башкы келишимди түзүүдө жана 1994-жылы ага өзгөртүүлөрдү киргизүү учурунда коррупция фактысы боюнча мурдагы президент Аскар Акаев, экс-премьер-министрлер Турсунбек Чыңгышев, Апас Жумагулов жана “Кыргызалтын” мамлекеттик концернинин мурдагы президенти Дастан Сарыгулов кылмыш жоопкерчилигине тартылганын кабарлаган. Бирок, иш кандай тергелип, айыпталгандарга кандай жаза берилгени белгисиз.

Аскар Акаев Бишкекке эки жолу учуп келип, бир апта сурак бергенден кийин Кыргызстандан чыгып кеткен.

2017-жылкы “Суу кодексине” өзгөртүү киргизүү жараяны жана Кумтөрдөн 500 миллион доллардын мыйзамсыз чыгарылып кетиши боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков баштаган аткаминерлердин аракеттерине юридикалык баа берилери айтылган.

Укук коргоо органдары 2009-жылы Кумтөр долбоорунун жаңы шарттары жөнүндө келишим түзүүдө коррупциялык иштер боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиевге, анын уулу Максим Бакиевге, Мамлекеттик геология агенттигинин мурдагы директору Капар Курманалиевге, директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Елисеевге, инвесторлордун өкүлү Андрей Сазановго издөө жарыялаган.

“Кумтөр ишине” байланыштуу ЖКнын мурдагы депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров камакта олтурду. Өткөн жылы 8-декабрда Башкы прокуратуранын эки депутатты жоопко тартууга уруксат сураган сунушун Жогорку Кеңеш четке кагып, аларды бошотуу боюнча чечим кабыл алган.

Эки депутат “Кумтөр иши” боюнча козголгон кылмыш иштеринин алкагында Жазык кодексинин “Коррупция” беренеси менен айыпталып, 2021-жылы июль айында камакка алынган жоон топ саясатчылардын катарында болчу.

Тергөө аларга 2012-жылы парламент кабыл алган чечимге байланыштуу айып таккан. Анда ошол кездеги депутат Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссиянын Кумтөрдү улутташтыруу тууралуу токтом долбоору парламенттен өтпөй калган. Бул ишке байланыштуу ошол кездеги президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарымбаев менен мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев да айыпталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG