Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:37

Октябрь окуялары боюнча сот отуруму 8-апрелге жылды


Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов сот залында. Бишкек, 4-апрель, 2022-жыл
Алмазбек Атамбаев, Фарид Ниязов сот залында. Бишкек, 4-апрель, 2022-жыл

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2020-жылдын октябрь айындагы массалык башаламандыкка байланыштуу кылмыш ишин кароону бүгүн да улантты.

Сот отуруму ачык өтөт дегени менен Атамбаевдин тарапташтарын сот залына киргизбей койгондуктан нааразылык чыкты.

Судья Убайдулла Сатимкулов бул чечимин кечээги отурумда киши көп болуп, Алмазбек Атамбаевге аба жетпей кыйналганы менен түшүндүрдү.

Сот жараянынын жүрүшүндө айыпталуучу Темирлан Султанбековдун жактоочусу келбей калганы белгилүү болду. Ал сыркоолоп жатканына байланыштуу сотту башка күнгө жылдырууну суранган.

Келерки отурум 8-апрелде болот.

5-апрелде өткөн сот жараянынын алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев өзүн жакшы сезип калганын, бирок сотто көрсөтмө берүүдөн баш тартарын айткан. Ага чейин 4-апрелде өзүн жаман сезип жатканын айткандан улам "Тез жардам" чакыртылып, сот жараяны токтотулган.

Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев аны ден соолугуна байланыштуу мажбурлап алып келүүнү токтотуп, сот отурумдарын онлайн тартипте өткөрүү сунушун келтирген. Ал сунуш бүгүнкү отурумда каралмак.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган.

2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана аны менен кошо камалгандардын тарапташтары аларды абактан бошоткон.

Камактан чыккан саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Митинг жети кишини жабыркаткан жаңжал менен аяктап, милиция кылмыш ишин козгогон. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG