Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Октябрь окуялары боюнча сотто Атамбаев көрсөтмө берүүдөн баш тартты


Алмазбек Атамбаев сот залында. (архивдик сүрөт).
Алмазбек Атамбаев сот залында. (архивдик сүрөт).

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2020-жылдын октябрь айындагы массалык башаламандык боюнча кылмыш ишин кароону бүгүн да улантууда. Сот отуруму ачык өтүп жатат.

Анда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кечээкиге караганда бүгүн өзүн жакшы сезип калганын, бирок сотто көрсөтмө берүүдөн баш тарта турганын айтты. Сот жараянына президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовду да алып келишкен.

Октябрь окуялары боюнча 4-апрелде өткөн сот отурумунда Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев төрагалык кылган судья Убайдулла Сатимкуловдун калыстыгынан күмөн санап, аны алмаштыруу өтүнүчүн келтирген. Бирок өтүнүч канааттандырылган эмес.

23-мартта Атамбаев сот имаратына жеткирилгени менен машинеден чыгуудан баш тартып, отурум 30-мартка жылган. Анын адвокаты жана жакындары ал сотко мажбурлап жеткирилгенин, жараат алып, денеси көгөргөнүн айтып чыккан.

Президент Садыр Жапаров Атамбаевдин тегерегиндеги талкуу боюнча Фейсбуктагы баракчасына пикирин жазып, мыйзам алдында баары бирдей экенин, жоопкерчиликке тартылган жаран ак экенин сотто далилдеши керектигин билдирген болчу. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG