Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:36

Байсалов БУУнун форумунда Кыргызстан чет элдик инвесторлорго кепилдик берерин айтты


Эдил Байсалов БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын аймактык форумунда. 2022-жыл, 6-апрель.
Эдил Байсалов БУУнун Европа экономикалык комиссиясынын аймактык форумунда. 2022-жыл, 6-апрель.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Европа экономикалык комиссиясынын аймактык форумунда Кумтөр кени боюнча канадалык "Центерра Голд" компаниясы менен келишимге жетишилгенин жарыялады.

Байсалов БУУнун аймактык комиссиясынын быйылкы форумуна төрагалык кылууда. Жыйынды ачып жатып ал Кумтөр толугу менен Кыргызстанга өткөнүн, ири кендер боюнча талаш тынч жол менен жөнгө салынганын билдирди.

Кыргызстан мыйзамдын үстөмдүгүн сыйлай турганын жана эл аралык инвестицияга мамлекет кепилдик берерин кошумчалады.

Европа экономикалык комиссиясы - Улуттар уюмунун беш аймактык комиссиясынын бири. Бул орган экономикалык байланыштарды чыңдоо максатын көздөйт.

Президент Садыр Жапаров 4-апрелдин кечинде кайрылуу жасап, “Центерра Голд” компаниясы менен доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге кол коюлганын жарыялаган.

Мамлекет башчы мындан ары "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын 100% акциясы Кыргызстанга таандык экенин айткан. Бул үчүн Кыргызстан «Центерра Голд» компаниясындагы 26 пайыздык акциясын өткөрүп, эки тарап доолордон баш тартат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG