Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:12

Караколдо жети мектептин аталышы өзгөрдү

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Каракол шаардык кеңешинин сессиясында жергиликтүү депутаттар жети мектептин аталышын өзгөртүү чечимин кабыл алды.

31 депутаттын 28и катышкан сессияда Ысык-Көлдөгү жети акенин (Карга аке, Мойт аке, Сарт аке, Карач аке,Садыр аке, Тилекмат аке, Кыдыр аке) ысымдары №1, 2, 3, 15, 6, 7, 9 мектептерге берилди.

Ал эми саясий ишмер Жусуп Абдрахмановдун ысымын Караколдогу №5 мектеп алды.

Бул мектептердин дээрлик баары советтик лидерлер менен орус акын-жазуучуларынын ысымдарын алып жүргөн.

Жети аке 18-19-кылымдарда кыргыздар үчүн татаал мезгилде эл арасынан суурулуп чыгып, өздөрүнүн даанышмандыгы, акылмандыгы жана көрөгөчтүгү менен ич ара уруулардын биримдигин бүлүндүрбөй, коңшу мамлекеттер менен ынтымакты сактап турган. (KS)

​
XS
SM
MD
LG