Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:53

Бишкектин бюджети 15 млрд. 22,5 млн. сом деп бекитилди


Бишкек.
Бишкек.

Бишкектин бюджети 2022-жылга 15 млрд. 22,5 млн. сом деп бекитилди.

Мындай чечим 5-апрелде Куванычбек Конгантиев башында турган Бишкек шаардык кеңешинин (БШК) 7-сессиясында кабыл алынды.

Шаардык кеңештин басма сөз кызматынын маалыматында жыйынга Бишкек мэри Эмилбек Абдыкадыров да катышты.

Талкууда шаардык кеңештин депутаттары муниципалитетте жүргүзүлүп жаткан кадр саясаты боюнча суроолорду берип, башка көйгөйлөрдү да көтөрүштү.

Муниципалдык менчиктин, анын ичинде жер тилкелеринин реестрин түзүү боюнча бир нече жыл мурун башталган иштерди аягына чыгаруу тапшырылды. Маалымат интернетке жайгаштырылып, ижара шарттары, тендерлер сыяктуу маалыматтар ачык болушу керектиги айтылды. Шаардын мүлкүнүн толук тизмеси 1-сентябрга чейин даярдалышы керек.

Мындан тышкары, депутаттар Бишкек шаардык мэриянын карамагындагы негизги каражаттарды эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө токтомду жактырышты. Акыркы 12 жылдан бери эсептен чыгаруу иши жүргөн эмес.

Жыйынтыгында калаа кеңеши Бишкек шаарында жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу эрежелерин жана шаардын туруктуу каттамдарын тейлөө боюнча сынактарды өткөрүү тартибин аныктады. БШКнын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө шаарды 101 линиясында 38 жеке фирма тейлейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG