Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:02

Мариуполдо айыгышкан салгылашуулар уланууда


Мариуполь шаары. Апрель 2022-жыл
Мариуполь шаары. Апрель 2022-жыл

Украинанын орус аскерлери курчоого алган Азов деңизинин боюндагы Мариупол шаарында айыгышкан салгылашуулар уланууда.

Бул тууралуу 6-апрелде Британиянын аскердик чалгын кызматы кабарлады. Украин Коргоо министрлигинин маалыматына караганда, портто 160 миңдей киши электр жарыгы, дары-дармек, жылуулук, суусу жок калды.

"Орусиянын куралдуу күчтөрү гуманитардык жүк жеткирүүгө тоскоолдук кылууда, муну менен шаарды коргогондорду багынып берсин дешет", - деп билдирди министрлик. Бул маалыматты көз карандысыз булактар тарабынан бышыктоо мүмкүн эмес.

Украина бийлиги Мариупол жана башка аймактардан элди эвакуациялоону улантууда. Вице-премьер-министр Ирина Верещук маалымдагандай, 5-апрелде 4 миңге жакын киши гуманитардык коридорлор менен чыгарылды.

"Бирок жети автобустан турган кербен орус аскерлеринин тосмолорунан улам Мариуполдон чыга албай калды", - деп кошумчалады Киевдин өкүлү.

Украинанын Азов деңизинин жээгинде жайгашкан Мариупол шаары бир нече аптадан бери камоолдо жатат. Орус тараптын тынымсыз аткылоолорунан улам шаардагы имараттардын, турак жайлардын көбү талкаланган, байланыш, жылуулук, электр энергиясы иштебей турат. Калаада азык-түлүк тартыш болууда.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Бир айдан ашуун бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG