Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:34

Евробиримдик Кыргызстандын билим берүү тармагына 32 млн. евро бөлөт


Бишкектеги мектептердин бири.
Бишкектеги мектептердин бири.

Бүгүн, 6-апрелде Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы финансылык макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул макулдашуунун алкагында Евробиримдик Билим берүү жана илим министрлигине 32 млн. евро өлчөмүндө кайтарымсыз жардам берет. Анын 27 млн. евросу өлкөнүн республикалык бюджетин колдоого жана 5 млн. евро кошумча колдоого берилет.

Евробиримдиктин жардамы Туруктуу өнүгүүнүн 4-5-максаттарына ылайык, инклюзивдик жана адилеттүү сапаттуу билимге өзгөчө көңүл буруу менен билим берүү секторун реформалоону улантууга жардам берүүгө багытталган.

Ушул күндөрү Европа Биримдигинин Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча башкаруучу директорунун орун басары Люк Девин Кыргызстанда жүрөт. Аталган уюмдун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү Девин Европа Биримдиги менен Кыргызстандын кызматташтыгы боюнча комитеттин жыйынына катышарын, өлкөнүн жогорку жетекчилери менен жолугушуу пландалганын билдирген.

2014-2020-жылдары ЕБ Кыргызстанга жалпысынан 263 миллион евролук колдоо көрсөттү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG