Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:42

БШК Шайлообек Атазовго депутаттык мандат тапшырды


Шайлообек Атазов.
Шайлообек Атазов.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин бир мандаттуу Свердлов округу боюнча шайлоонун жыйынтыгы боюна жеңүүчү деп табылган Шайлообек Атазовду Жогорку Кеңештин депутаты кылып каттады.

БШК бүгүн, 6-апрелдеги жыйынында Атазовго депутаттык мандат жана төш белги тапшырды.

22-мартта Жогорку сот Свердлов округундагы кайра шайлоодо биринчи орунду алган талапкер Абдурахманхажи Муртазалиевдин арызын карап, Бишкектин административдик соту чыгарган чечимди күчүндө калтырган. Бишкектин административдик соту 15-мартта БШК Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарган чечимин колдогон.

БШК 9-марттагы отурумунда Муртазалиевдин каттоосун жокко чыгарып, ага добуш сатып алуу фактысы себеп болгонун белгилеген.

Талапкер БШКнын дооматын четке кагып, аны "каралоо" катары сыпаттаган жана административдик, кийин Жогорку сотко арызданган.

27-февралда өткөн кайра шайлоодо Бишкектин Свердлов округу боюнча 1-орунду Абдурахманхажи Муртазалиев, 2-орунду Шайлообек Атазов, 3-орунду Аскар Алмаз уулу ээлеген.

Атазов былтыр 28-ноябрдагы шайлоодо Төлөйкөн округунан Нурбек Алимбековго 2000ге жакын добуш менен утулуп калган. Алар бири-бирин добуш сатып алууга айыптап, сотко чейин кайрылышкан.

Ошондон кийин Атазов Бишкектен кайра талапкерлигин койгон.

"Ата-Мекен" партиясынын тизмеси менен 6-чакырылыштын депутаты болгон.

XS
SM
MD
LG