Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:14

Орусиянын Бухаресттеги элчилигин машине менен сүзгөн адам каза болду


Орусиянын элчилигин сүзгөн машине. 6-апрель, 2022-жыл
Орусиянын элчилигин сүзгөн машине. 6-апрель, 2022-жыл

6-апрелде Орусиянын Бухаресттеги элчилигинин дарбазасын сүзгөндөн кийин жеңил машине өрттөнүп кеткен. Прокуратура жергиликтүү полиция айдоочу мерт кеткени тууралуу маалыматын бышыктады.

Тергөөчүлөр окуянын чоо-жайын тактап жатат.

Румыниянын Digi24 телеканалынын маалыматына ылайык, айдоочу дарбазаны атайлап сүзгөн.

"Ал Орусиянын Украинага кол салганына каршы уюштурулган нааразылык акциялардан кийин элчилик алдына орнотулган тосмодон ашып өткөн. Кароолчу анын кетишин талап кылганда, ал өзүн-өзү өрттөп жиберген", - деп айтылат кабарда.

G4media порталы Богдан Драгич деген айдоочу социалдык тармактарга “Мен дагы украиналыкмын! Согуш аяктамайынча баарыбызды украиндер деп эсептесек жакшы болмок” деп жазганын билдирди.

Москва Украинага кол салгандан кийин украиндерди колдогон акция дүйнөнүн башка шаарлары менен катар Бухарестте да өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG