Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:48

Атамбаев: күч түзүмдөрүнө эмес, элге, бейөкмөт уюмдарга ишенсем болмок


Алмазбек Атамбаев сот залында. Сүрөт "GOVORI.TV" каналын видеосунан алынды.
Алмазбек Атамбаев сот залында. Сүрөт "GOVORI.TV" каналын видеосунан алынды.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 2020-жылдагы Октябрь окуялары боюнча кылмыш ишин караган соттук жараян учурунда журналисттердин суроолоруна жооп берди. Ал президент болуп турганда күч түзүмдөрүнө, сот органдарына катуу ишенгенин, бул анын чоң жаңылыштыгы болгонун айтты.

"Күч органдарына, ошого окшогон түзүмдөргө азыраак ишенип, көбүрөөк элге, ошол эле социалдык тармактарга, бейөкмөт уюмдарга, жарандык коомго ишенсем болмок экен. Менин чоң жаңылыштыгым күч түзүмдөрүнө катуу ишенгеним, бир нерсе жазып келсе, ошого ишенесиң. Эгер сен президент болсоң, жай тургундарды, сени менен талашып-тартышкан жарандык коомду көбүрөөк угушуң керек".

Мурдагы президент Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өзүн жоюп салбаганына өкүнө турганын да кошумчалады.

"Кээде Коопсуздук комитети улуттук коопсуздукка коркунуч жаратууда. Алар, ИИМ коопсуздук, чек ара маселеси менен алектенбей эле адамдардын артынан аңдыйт турбайбы", - деди Атамбаев. Ал азыркы соттук жараяндарды "спектакль", "цирк" деп сындады.


Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган.

2020-жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алуу менен аяктаган. Башаламандык учурунда Кой-Таш окуясы боюнча 2019-жылдын августунан бери камакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана аны менен кошо камалгандардын тарапташтары аларды абактан бошоткон.

Камактан чыккан саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Митинг жети кишини жабыркаткан жаңжал менен аяктап, милиция кылмыш ишин козгогон.

Президент Садыр Жапаров “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо тууралуу” мыйзамга 2021-жылы июль айында кол койгон. Президенттин басма сөз кызматы мыйзамдын максаты акча жана материалдык каражаттарды акысыз алган коммерциялык эмес уюмдардын (мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерден сырткары) ишинин ачыктыгын камсыздоо экенин билдирген.

Кыргызстанда бейөкмөт уюмдарын тизгиндөө аракети мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин учурунда, 2014-2015-жылдары башталган.

Документ Сооронбай Жээнбеков президент болуп турганда иштелип чыккан жана талаш-тартыштардан улам ошол кезде кабыл алынган эмес. Бейөкмөт уюмдар, эл аралык коомчулук мыйзам өкмөттүк эмес уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сындап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG