Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:29

Зулушев: Кумтөргө байланыштуу 27 адамга кылмыш иши козголду


Кумтөр.
Кумтөр.

"Кумтөр" долбоорун ишке ашыруудагы коррупцияга байланыштуу 27 адамга кылмыш иши козголгонун баш прокурор Курманкул Зулушев билдирди. Бул тууралуу 6-апрелде ал парламентте бир жылдык ишинин отчетун берип жатканда айтты.

Анын белгилешинче, кылмыш иши козголгондордун арасында мурдагы президенттер Аскар Акаев менен Курманбек Бакиев, алты премьер-министр бар. Арасында сегиз адамга айыптоо өкүмдөрү чыккан. Өлкөнүн сыртында жүргөн жети адамдын жана башка шектүүлөрдүн иши тергелип жатат.

2005-жылдагы Март ыңкылабынан тарта Орусияда жашап жүргөн Аскар Акаев 2021-жылы Кыргызстанга келип, Кумтөргө байланыштуу кылмыш ишинин негизинде атайын кызматка эки ирет көрсөтмө берген. Мурдагы президент маектеринин биринде ага карата "куугунтук токтотулганын, бардык иштер жабылганын" айткан. Бирок УКМК "Кумтөр иши" боюнча, анын ичинде Аскар Акаевге байланыштуу тергөө уланып жатканын жана бул иш боюнча жаңы айыптар тагылганын маалымдаган.

Кыргыз бийлиги менен Канаданын “Центерра Голд” компаниясынын ортосундагы талаш-тартышты чечкен макулдашууга 4-апрелде кол коюлган. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан алтын кенине эми толук ээлик кыларын жарыялап, Торонтодогу "Центерра Голд" дагы бул маалыматты ырастаган.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG