Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:01

Орусия украин журналисти Дмитрий Гордонду  “экстремисттердин” тизмесине киргизди


Дмитрий Гордон.
Дмитрий Гордон.

Украин журналисттери Дмитрий Гордон менен Фахрудин Шарафмал Росфинмониторинг мекемесинин “террорист жана экстремисттердин” реестрине киргизилди.Эгер алардын Орусияда банктык эсеби болсо ал бөгөттөлдү. Эки журналист тең кылмыш иши боюнча айыптуу деп эсептелет.

Мурдараак Орусиянын Тергөө комитети Гордонго дароо үч берене боюнча кылмыш ишин козгогон. Журналист элди согушка чакырган, улутуна карап кастыкты козуткан жана орус куралдуу күчтөрүнүн аракеттери тууралуу жалган маалыматтарды тараткан деп айыпталууда. Тергөөчүлөрдүн айтымында, Гордон Орусия тууралуу карапайым адамдарды бомбалоосу жана артиллериялык аткылоосу тууралуу атайылап жалган маалымат тараткан.

Шарафмал орустарды массалык түрдө кырууга чакыргандан кийин жек көрүүчүлүктү козуткан жана нацизмди реабилитациялаган деп айыпталды. Журналист 15-мартта украиналык "24" телеканалынын эфиринде оюн айткан. Тергөө комитетинин отчетунда "ал өзүнүн чакырыктарын нацисттик кылмышкерлердин, анын ичинде обого көрсөткөн Адольф Эйхмандын идеологиясы менен негиздегени" белгиленген. Кийинчерээк журналист айткан сөздөрү үчүн кечирим сураган.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин "Донбасстагы калкты коргоо" тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген. Бир айдан ашуун бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда.

4-мартта Мамдума Орусиянын кылмыш кодексине өзгөртүү киргиүүнү үч окууда кабыл алган. Ага ылайык, “аскер операциялар жөнүндө жалган маалыматтарды таратып, санкцияларга чакыруу жана Куралдуу күчтөрдү дискредитациялоо” үчүн 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.

БУУнун маалыматына ылайык, Орусиянын кол салуусунан кийин Украинада 1563 адам каза тапты, анын 130 балдар. 2213 адам жараат алган, алардын 188 балдар. Докладда айтылгандай, адамдардын өлүмүнө жана жараат алышына ракеталык аткылоо, абадан сокку уруу, анын ичинде жардыргычтарды колдонуу себеп болгон. Уюм жайкын тургундардын арасындагы курмандыктардын реалдуу саны мындан алда канча көп экени айтууда. Согуштук аракеттер кызуу жүрүп жаткан Мариупол, Изюм (Харьков облусу), Луганск, Киев облустарынан маалымат алуу кыйын болуп жатканын белгилеген. Согуштан улам 11 млн. адам үй-жайын таштоого аргасыз болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG