Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:39

"Ата-Бейитте" Апрель окуяларынын курмандыктары эскерилди


Апрель окуяларынын курмандыктары эскерилди. 7-апрель, 2022-жыл. "Ата-Бейит"
Апрель окуяларынын курмандыктары эскерилди. 7-апрель, 2022-жыл. "Ата-Бейит"

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде Апрель окуясында курман болгондор эскерилди. 2010-жылдагы Апрель элдик революциясынын баатырларынын мемориалына гүл коюп, куран окулду. Эскерүү иш-чарасына министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов, экс-президенттер Роза Отунбаева, Сооронбай Жээнбеков, Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев, Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов жана башкалар катышты.

Алар кеткенден кийин убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Исмаил Исаков, Кеңешбек Дүйшөбаев, Эмил Каптагаев, Элмира Ибраимова, саясатчы Бектур Асанов, Жогорку Кеңештин депутаттар жана окуяларда жакындарын жоготкондор "Ата-Бейитте" куран окуп, курмандыктарды эскеришти.

2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, ал бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 87 киши набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алган. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.

2010-жылдагы кандуу Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG