Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:13

Казакстан 11-апрелден тарта Кыргызстан менен чек ара бекеттерин ачат


Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекет.
Кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө бекет.

Бул маалыматты Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулу Назарали Арипов "Азаттыкка" ырастады. Анын айтымында, эки тараптан жарандардан коронавирус инфекциясына байланыштуу ПЧР тести жана COVID-19га каршы эмдөөнүн, ревакцинациялоонун толук курсунан өткөндүгүн тастыктаган документи/паспорту талап кылынат. Мындай чечим эпидемиологиялык абалдын турукташуусун эске алуу менен кабыл алынган.

Казакстандын аймагына коронавирустун жайылышын алдын алуу боюнча ведомстволор аралык комиссиясы жарандыгы жок адамдардын жана чет элдиктердин Казакстандын Орусия, Өзбекстан жана Кыргызстан менен кургактыкта өткөрүү пункттарындагы чек арасынан өтүүсүнө коюлган чектөөлөрдү алып салуу чечимин кабыл алган.

6-апрелде мамлекет башчы Садыр Жапаров Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен телефондо сүйлөшүүдө чек арадан өтүү тартибин чечүүнү өтүнгөн эле. Токаев бул боюнча тиешелүү органдарга тапшырма бере турганын айткан.

Ошол күнү Кыргызстан менен Казакстандын Тышкы иштер министрлеринин орун басарлары Нуран Ниязалиев жана Марат Сыздыков мекемелер аралык кеңешме өткөрүп, эки тараптуу кызматташтыкты, анын ичинде чек араны ачуу маселесин талкуулаган.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпы жети өткөрмө бекети бар. Казакстандагы январь айындагы окуялардан кийин ал бекеттер ар кандай чектөөлөр менен иштеп жаткан.

Кыргызстанда жүргөн казак жарандары “Ак-Жол”, “Ак-Тилек”, “Каркыра”, өткөрмө жайлары аркылуу чыкса болот. Ал эми Казакстандын аймагындагы кыргызстандыктар Чүй облусундагы "Чалдыбар" жана Таластагы "Чоң-Капка" өткөрмө бекеттери аркылуу гана кире алышат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG