Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:01

Элчилик Орусияда баңгизатка байланыштуу кылмыштар көбөйүп жатканын эскертти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги бул өлкөдө баңгизаттарды сактоо, сатуу жана ташууга байланыштуу кылмыштардын саны көбөйүп жатканына тынчсыздануусун билдирди.

Элчилик жарыялаган маалыматка караганда, 2021-жылы Орусиянын аймагында 224 жаранга карата 327 кылмыш иши козголгон. 2020-жылы Кыргызстандын 151 жаранына карата 191 иш ачылган. Абакта отургандардын көбү 16-30 жашка чейинкилер.

"Орусиянын укук коргоо органдары бул адамдар көбүнчө тез жана оңой акча табуу максатында атайылап кылмыш жасап жатканын белгилешет. Кыргызстандын жарандары билбестиктен кылмыштуу аракеттерге барган учурлар да бар. Көбүнчө булар "закладчиктер", тагыраак айтканда, курьер болуп жумушка киргендер же социалдык түйүндөр (Telegram ж.б.) аркылуу товар ташуу кызматын көрсөткөндөр (Таңгакталган баңги затты айтылган жерге каткан адам "закладчик" болуп саналат)", - деп жазылат элчиликтин маалыматында.

Элчилик оңой акча табуунун аркасында канчалаган жаш тагдырлар талкаланып жатканын эскерткен.

Оңой акча табуу менен алектенгендер өзгөчө 2019-жылдагы пандемиядан кийин күчөгөн.

Ушул тапта ар кандай берене менен Орусиянын абактарында 985 кыргызстандык кылмыш жоокерчилигине тартылып, жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Алардын 30% маңзат ташууга байланыштуу.

Орусияда азыркы тапта расмий эсеп боюнча 1 миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG