Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:59

Жапаров: Элдин эркине каршы келген иш-аракеттерге жол бербейбиз


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров Апрель элдик революциясынын 12 жылдыгына карата кайрылуу жасап, 2010-жылдын 7-апрелинде Кыргызстандын келечеги үчүн эч нерседен тайманбаган эр-азаматтар коррупциялашкан бийликти кулатканын белгилеген.

Ыңкылаптын натыйжасы — мамлекеттин андан аркы өнүгүүсүнө ишенимдүү кадам таштоо менен демократия принциптерин ишке ашыруу болгонун айткан.

Аксы окуясы, Март жана Апрель элдик революциялары саясий жана тарыхый маанилүү окуялардан болуп калганын белгилеген президент, бакубат турмушу үчүн өз өмүрлөрүн арнаган адамдар унутулбай турганын айтып, аларды "бүгүнкү мезгилдин анык баатырлары" деди.

"Эркиндик үчүн, акыйкаттык үчүн Апрель баатырларындай кара башын канжыгага байлоого даяр уул-кыздары турганда кыргыз эли адилеттүүлүккө болгон ишениминен ажырап калышы эч мүмкүн эмес. Калкыбыз аң-сезими өзгөрүп, мындан ары өз тандоосунан тайбай, жаркын келечекке багыт алды. Аксы окуясын, Март жана Апрель элдик революцияларын терең талдап, алардан сабак алып, элдин эркине каршы келген иш-аракеттерге жол бербейбиз", - деп жазылат президенттин кайрылуусунда.

2010-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы демонстрациялар 7-апрелде аяктап, ал бийликтен кулатылган. Нааразы болуп чыккандарга ок атылып, 87 киши набыт болуп, миңден ашуун адам жаракат алган. Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан.

2010-жылдагы кандуу Апрель окуясы боюнча баш-аягы 30га жакын кишиге кылмыш иши козголгон. Анын ичинен далилдер жетишсиз деген негизде Мамлекеттик күзөт кызматынын 14 кызматкери акталган.

Мурдагы президент Курманбек Бакиев 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүр бою эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG