Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:14

Украинанын башкы дипломаты НАТОдон курал сурады


Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба НАТО өлкөлөрүн Киевди керектүү курал-жарактар менен камсыз кылууга чакырды. Ал Украинага учактар, абадан коргонуу системалары, ракеталар жана аскердик унаалар керек экенин 7-апрелде Брюсселде Түндүк атлантикалык аскердик альянстын тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунун алдында журналисттерге билдирди.

"Менин күн тартибим өтө жөнөкөй. Анда үч гана нерсе бар: курал-жарак, курал-жарак жана курал-жарак. Биз Украинага жардам берүүнүн эң мыкты жолу - бул Путинди ооздуктоо үчүн жана орус армиясын жеңип чыгуу үчүн Киевди бардык керектүү нерселер менен камсыз кылуу", - деди Кулеба.

Ал расмий Киев Батыштан Орусиянын жаратылыш газына жана мунайына тыюу салууну талап кыла берерин кошумчалады.

Орусия Украинага 24-февралда басып кирген. Алты жумадан ашкан согушта миңдеген жайкын тургундар жана аскерлер мерт болуп, 4 миллиондон ашуун украин жараны чет өлкөгө качууга аргасыз болду.

Соңку жумаларда орус күчтөрү Украинанын түндүгүндөгү жана Киевдин тегерегиндеги аймактардан чыгып кеткени менен чыгыш тарапта жаңы чабуулдарга даярдык көрүп жатканы кабарланып келет.

Украинанын Буча шаарында ондогон жайкын тургундар орус күчтөрүнүн колунан каза тапканы тууралуу маалыматтар ачыкка чыккандан кийин 6-апрелде АКШ орус президенти Владимир Путиндин кыздары баштаган бир катар адамдарга санкция салды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG