Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:47

Москвадагы калайман мушташка катышкан мигранттар депортацияланат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада мигранттар арасындагы калайман мушташка катышы бар делип 41 тажикстандык, 85 өзбекстандык жаран кармалды. 6-апрелде Өзбекстандын тышкы миграция боюнча агенттиги билдиргендей, алардын 20сы депортацияланат.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 1-апрелде ишкананын эки кызматкеринин ортосунда мушташ чыгып, ага башкалар аралашып кеткен.

Буга чейин социалдык тармактарда Москвадагы "Сердце Столицы" деп аталган турак үйдүн аянтчасында мигранттар арасында мушташ чыкканы, полиция 125 кишини кармап кеткени тууралуу жазылган.

Орусияда мигранттар арасында жапырт мушташтар буга чейин да катталган. Быйыл марттын башында Орусиянын Ыраакы Чыгышындагы Благовещенск шаарында эмгек мигранттары мушташты деген видео тараган. Чырга катышкандар Тажикстандан жана Кыргызстандан барган мигранттар экени аныкталган.

2021-жылы июлда Москва шаарынын “Кузьминки” метросунун жанында кыргызстандыктар тажикстандык жарандар менен мушташкан эле. Маалыматтарда мушташка 200дөй адам катышканы, кийин 100дөй адам кармалып, алардын 40 чактысы камалганы кабарланган.

Кыргыз-тажик жарандарынын калайман мушташынан кийин Орусияда мигранттарды текшерүү жана депортация кылуу кескин күчөгөнү айтылган. Жогорку Кеңеште мекендештерге жардам берүү маселеси көтөрүлгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG