Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:07

Хашогжинин өлүмүнө шектүү Франциядан кармалды


Жамал Хашогжинин сүрөтү.
Жамал Хашогжинин сүрөтү.

Париждин Шарль де Голль аэропортунда сауд арабиялык журналист Жамал Хашогжини өлтүрүүгө шектүү Халед Айед ал-Отайби кармалганын француз маалымат каражаттары кабарлашты. Камакка алынган aл-Отайби Сауд Арабиянын ханзаадасы Мухаммед ибн Салмандын мурдагы жансакчысы экени айтылды.

Франциянын RTL радиосу падышалык гвардиянын 33 жаштагы офицери Халед ал-Отайби Францияга өз аты менен менен келип, кармалгандан кийин камакка алынганын кабарлады. Ал эми Париж полициясынын кызматкери "Рейтер" агенттигине шектүү ал-Отайби 2019-жылы Түркия берген өтүнүчтүн негизинде кармалганын айткан.

Агенттик ошондой эле Франциянын башкы прокуратурасы аны Түркияга экстрадициялoo жараянын баштаганын кабарлады.

"Айыпталуучу катаал жаза алышы керек"

Саудиялык журналист Жамал Хашогжинин өлтүрүлүшү боюнча БУУнун иликтөөсүн жетектеген Эл аралык Мунапыс уюмунун башчысы Агнес Калламард шектүүнүн Парижде кармалышы чоң бурулуш болушу мүмкүн деп билдирди.

"Эгер бул чындап эле ар кандай санкциялык тизмелерде жана менин отчетумда көрсөтүлгөн адам болсо, анда ал консулдукта (Хашогжи өлтүрүлгөн жерде) болгон".

Париж шаардык полициясындагы жеке булак "Рейтер" агенттигине, кармалган ал-Отайби АКШ менен Улуу Британиянын санкциялык тизмесинде "киши өлтүргүч" деп айыпталып, Францияда издөөдө жүргөн Сауд Арабиянын гвардиясынын мурдагы аскери экенин тастыктады.

Хатиже Женгиз.
Хатиже Женгиз.

Ал арада Хашогжинин колуктусу түркиялык Хатиже Женгиз колго түшүрүлгөн шектүү жаран жана ага буйрук бергендер катаал жаза алышы керек экенин "Твиттерге" жазды.

"Мен бүгүн Францияда Жамалды өлтүргөндөрдүн биринин камакка алынышын кубаттайм. Франция аны кылмышы үчүн соттош керек же аны тыкыр иликтеп, ошондой эле Жамалды өлтүрүүгө буйрук берген адамды да жоопко тартууга даяр өлкөгө өткөрүп бериши керек".

Кармалган саудиялык Интерполдо издөөдө жүргөн

Ал эми айрым серепчилер, шектүүнүн кармалышы Сауд Арабиясы үчүн "суук кабар" экенин айтып, эгер ал Түркияга өткөрүлүп берилсе, эки өлкөнүн ортосунда дипломатиялык маселе жаралышы мүмкүн деп сыпатташууда.

Бирок Жамал Хашогжинин өлүмү боюнча соттолгондор Сауд Арабияда жазасын өтөп жатканын эске салган саудиялык расмий өкүл "Рейтер" агенттигине кармалган адамга байланыштуу "туура эмес маалыматтар" тараганын билдирген.

Муну менен катар Парижде кармалган ал-Отайби Түркиянын талабы менен Интерпол аркылуу изделип жатканы маалым болду.

Түркияда сот былтыр июль айынан тартып Хашогжинин киши колдуу болушуна байланыштуу ачылган ишти карай баштаган. Анкара бул факт боюнча 20 адамга айып койгон жана алардын арасында Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед ибн Салмандын мурдагы кеңешчиси да бар экени айтылган.

Макрон фактору

Хашогжинин өлүмүнө шектелген адам Франциянын президенти Эммануэл Макрондун Сауд Арабияга жасаган расмий сапарынан бир жумадан кийин колго түштү. Хашогжи өлтүрүлгөндөн кийин ханзаада Мухаммед бин Салман менен жолуккан алгачкы батыш лидери Макрондун сапары өлкөсүндө сынга кабылды. Бирок француз президенти ханзаада менен болгон жолугушууларында "адам укуктары темасынын" да көтөрүлгөнүнө көңүл буруп, бул багытта жылыш болорун кыйыткан эле.

Франциянын президенти Эммануэл Макрондун Сауд Арабияга расмий сапары. 4-декабрь, 2021-жыл.
Франциянын президенти Эммануэл Макрондун Сауд Арабияга расмий сапары. 4-декабрь, 2021-жыл.

The Washington Post басылмасы менен кызматташып келген Хашогжи 2018-жылы октябрь айында Стамбулдагы Саудиянын консулдугунда өлтүрүлгөн. Ошол убактарда ал Эр-Рияддын саясатын кескин сындап жүргөн.

Саудиянын бийлиги адегенде, журналист консулдуктун кызматкерлери менен жаңжалдашкандан улам каза болгонун билдирген.

Түрк чалгын кызматтары “Сауд Арабиянын расмий кызмат адамдары Жамал Хашогжини атайын пландап, ырайымсыздык менен өлтүрткөн” деп эсептейт.

Түркия бийлиги аны өлтүрүү үчүн Стамбулга келген тыңчылар Сауд Арабиянын падышалык бийлигинен түшкөн буйруктун негизинде иш алып барганын айтып чыгышкан.

Бир нече айдан кийин Сауд Арабиянын Стамбулдагы консулдугундагы телефон тыңшоосунун жазуулары жарыяланды. Анда Жамал Хашогжи консулдуктун имаратына киргенде аны дароо Эр-Рияддан келген топ тосуп алып, аны мыкаачылык менен өлтүргөнү ачыкка чыккан.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG