Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:07

Австрия Орусиянын төрт дипломатын өз аймагынан чыгарат


Орусиянын Венадагы элчилиги.
Орусиянын Венадагы элчилиги.

Австриянын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Венадагы элчилигинин үч кызматкерин жана Зальцбургдагы башкы консулдугунун кызматкерин персона нон грата деп жарыялады.

Министрликтин өкүлү мындай чечимге Орусиянын Украинага кол салышы же орус күчтөрү жасады деген ырайымсыз аракеттер себеп болгонун так айткан жок. Болгону Орусиянын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери дипломатиялык макамына шайкеш келбеген иш-аракеттерге барганын билдирди.

Венанын чечимине ылайык, дипломаттар 12-апрелден калбай Австриядан чыгып кетиши керек.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Венанын чечимин "негизсиз" деп мүнөздөп, Москва буга жооп кайтара турганын айтты.

Украинанын Буча шаарчасында ондогон жайкын тургундар орус күчтөрүнүн колунан өлгөнү кабарлангандан кийин Европадагы Италия, Франция, Германия сыяктуу бир катар өлкөлөр Орусиянын 200дөн ашуун дипломатын өз аймагынан чыгарууну чечти.

Ага чейин Орусиянын Украинага кол салганына байланыштуу дагы 100дөн ашуун орус дипломаты персона нон грата деп жарыяланган. Кремль Бучадагы окуяларга байланыштуу дооматтарды четке кагып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG