Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:37

Ереван менен Бакунун сүйлөшүүсүндө жылыш бар экени айтылды


Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев. Брюссел, 6-апрель 2022-жыл.
Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев. Брюссел, 6-апрель 2022-жыл.

Ереван менен Баку Брюсселдеги сүйлөшүүлөрдө эки тараптуу "тынчтык келишиминин" долбоорун даярдоого киришүүнү жана чек араны демаркациялоо боюнча бирдиктүү комиссия түзүүнү макулдашты. Бул тууралуу Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен үч тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөргөн Европа кеңешинин президенти Шарль Мишель 7-апрелге караган түнү журналисттерге билдирди.

"Биз бардыгыбыз биргелешип конкреттүү процессти баштоону, тынчтык келишимин даярдоону жана мындай келишим үчүн бардык зарыл элементтерге көңүл бурууну чечтик", - деди Мишель.

Армениянын өкмөтүнүн басма сөз кызматы түндүн бир оокумуна чейин созулган сүйлөшүүнүн мындай жыйынтыгын ырастады. Бирок расмий билдирүүдө Тоолуу Карабактын макамы тууралуу эч кандай маалымат берилген жок.

Расмий Баку тынчтык келишиминде эки өлкөнүн бири-биринин аймактык бүтүндүгүн таанышы сыяктуу беш элемент эске алынышы керектигин билдирүүдө. Пашинян Ереван бул шарттарды жалпысынан кабыл алышы мүмкүндүгүн айткан.

Бирок армян оппозициясы Пашинянды Азербайжандын Тоолуу Карабакка ээлик кылуу укугун тааныды деп сындап чыгышкан. Армян тышкы иштер министри Арарат Мирзоян Ереван Азербайжан менен сүйлөшүүлөрдө Карабактын макамын талкуулай турганын өткөн аптада билдирген болчу.

Баку менен Ереван Тоолуу Карабактагы 2020-жылдын күзүндө болгон бир нече апталык согуштан бери тынчтык сүйлөшүүлөрүн өткөрүп келет. Соңку жумаларда чек аралаш аймактарда жаңы чыңалуу жаралганы кабарланган.

Армения менен Азербайжандын лидерлери чек араны демаркациялоо боюнча комиссия түзүүнү 2021-жылдын ноябрь айында орус президенти Владимир Путиндин ортомчулугу менен Сочиде өткөн жыйында эле макулдашкан. Азырынча Брюсселдеги макулдашуудан кийин демаркация маселесине Орусия катышары же катышпай турганы так айтылган жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG