Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

Тажикстанда бозгундагы блогердин апасы алты жылга кесилди


Шохида Мамажонова
Шохида Мамажонова

7-апрелде Дүйшөмбү шаарынын Исмоили Сомони райондук соту бозгундагы тажик блогери Шерзод Мамажоновдун апасы Шохида Мамажонованы алты жылга эркинен ажыратты. Мамажоновага Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" тобуна жана "Ислам кайра жаралуу" партиясына онлайн платформаларда колдоо көрсөткөн деген негиз менен "экстремизм" беренеси боюнча айып коюлган.

Буга чейин прокурорлор Мамажонованы жети жылга түрмөгө кесүүнү соттон өтүнүшкөн. Мамажонова күнөөсү жок экенин айтып, уулунун тажик өкмөтүн сындаган видеолорунун алдына комментарий калтырганына "өкүнүп турганын" айткан. Анын адвокаттары соттун соңку өкүмүнө байланыштуу жогорку инстанцияга кайрыларын айтышты.

45 жаштагы Мамажонова февраль айында Дүйшөмбүдөн анча алыс эмес Вахдат шаарындагы милиция бөлүмүнө чакырылгандан көп өтпөй камакка алынган. Анын "Абдурахмон 09" деген лакап ат менен таанымал уулу Шерзод Мамажонов Германияда жашайт. Ал тажик өкмөтүнүн мусулман жамааттарынын укуктарын чектеген саясаттарын сындап келет.

Буга чейин Шерзод тажик милициясы апасын бир нече жолу суракка чакырып, уулун Тажикстанга кайтып келүүгө көндүрүүнү талап кылганын айткан.

Жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдары Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарып келе жаткан авторитардык лидер Эмомали Рахмонду "оппонеттерине жана сынчыл көз караштагы адамдарга кысым көрсөтүү үчүн күч органдарын жана бийликтин башка бутактарын колдонду" деп айыптап келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG