Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:41

Мишустин Орусия 30 жылдагы эң оор абалга туш болгонун айтты


Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин.
Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин.

Орус премьер-министри Михаил Мишустин Батыштын болуп көрбөгөн санкцияларынан улам Орусия соңку 30 жылдагы эң оор кырдаалга туш болуп жатканын айтты. Ал 7-апрелде парламентте отчет берип жатып, Орусияга баш-аягы 6 миңдей чектөө киргизилгенин белгиледи.

Ошондой эле Мишустин чет өлкөлөрдүн Орусияны глобалдык экономикадан бөлүп салуу аракети ишке ашпайт деп билдирди.

"Биздин финансылык системабыз, бүтүндөй экономикабыздын күрөө тамыры аман калды. Президент, Орусиянын банкы жана өкмөт менен туруктуу байланышта болуп, бирдиктүү аракеттер менен анын кыйрап калышын алдын ала алдык", - деди Мишустин.

Ал чет элдик ишканалар Орусиядан кеткени менен алар башкаларга орун бошотуп, мүмкүнчүлүк түзүп жатканын кошумчалады.

Орусия 24-февралда Украинага басып киргенден бери экономикасы өнүккөн бир топ өлкөлөрдүн санкцияларына кабылды. Украинанын Буча шаарчасында ондогон жайкын тургундар орус күчтөрүнүн колунан өлгөнүн маалым болгондон кийин Батыш өлкөлөрү Орусияга жаңы санкцияларды жарыялап жатат. 6-апрелде АКШ орус президенти Владимир Путиндин кыздарын "кара тизмеге" киргизген.

Мындан тышкары Вашингтондун соңку чечими менен Орусиянын эң чоң банкы саналган "Сбербанкка" жана "Альфа банкка" да санкция салынган. Москва Бучадагы кыргынга байланыштуу дооматтарды четке кагып жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG