Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:10

АКШ "Аэрофлот", Azur Air жана Utair компанияларын экспорттук артыкчылыктардан ажыратты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ "Аэрофлот", Azur Air жана Utair компанияларын 180 күнгө экспорттук артыкчылыктардан ажыратты. АКШнын Соода министрлиги мындай чечим "экспорттук санкциялар бузулуп жатканы" үчүн кабыл алынганын билдирген.

"Биз аларды Америка Кошмо Штаттарынын товарларын алуу мүмкүнчүлүгүнөн эле эмес, чет өлкөдөн чыккан америкалык товарларды реэкспорттоо мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып жатабыз. Биздин экспорттук көзөмөлдү бузган, өзгөчө Владимир Путиндин кызыкчылыгы үчүн муну жасаган жана украин элине зыян алып келген бардык компаниялар ушундай чараларга дуушар болот", - деди соода министри Жина Раймондо.

Министрдин орун басары Дон Грейвс бул аракеттер көзөмөлгө баш ийгиси келбегендерге коңгуроо экенин белгилеген.

Үстүбүздөгү жылдын март айында АКШнын Соода министрлиги Орусия колдонгон жүз коммерциялык жана жеке учакты тейлөөгө тыюу салган.

Санкциялар киргенден кийин алар Орусияга учуусун улантып, экспорттук көзөмөл чараларын бузган.

Алар Aviastar-TU, Azur Air, UtairAirBridgeCargo жана "Аэрофлоттун" учактары болчу. Мекеме экспорт эрежелерин бузгандар камалып, айып пулга жыгылып, экспорттук укуктан ажырап жана башка чектөөлөргө дуушар болушу мүмкүн экенин эскерткен.

АКШ жана ЕБ өлкөлөрү орус учактары үчүн асманды жапканын мурда жарыялашкан. Airbus жана Boeing орусиялык компаниялардын учактарын тейлөөнү жана Орусияга тетик жеткирүүнү токтоткон.

Лизингге учак берген айрым компаниялар да орусиялык авиакомпаниялар менен иштешүүдөн баш тартты.

Андан кийин Росавиация “орусиялык авиакомпаниялардын учактарын чет өлкөдө кармоо же камакка алуу коркунучу жогору болгондуктан” чет өлкөгө жүк жана жүргүнчү ташуу каттамдарын токтотууну сунуштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG