Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:12

Евробиримдиктин эки жогорку жетекчиси Киевге сапар алууда


Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен.
Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен.

Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен менен Евробиримдиктин тышкы иштер боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел 8-апрелде Киевге барып, украин президенти Владимир Зеленский менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Еврошаркеттин эки жогорку жетекчиси Польшанын украин чек арасынан 13 чакырым алыстыктагы Пшемысль шаарчасынан Киевге поезд менен жолго чыгышты. Согуштан улам Украинанын аба мейкиндиги жабылганы белгилүү.

Март айынын ортосунда Польшанын, Словениянын жана Чехиянын премьер-министрлери да Киевге поезд менен барып келген. Өткөн аптада Европа парламентинин президенти Роберта Метсола да украин баш калаасына барып кеткен.

Европалык жетекчилер Украинанын Буча шаарчасында ондогон жайкын тургундар орус күчтөрүнүн колунан каза тапканы тууралуу маалыматтар ачыкка чыккандан кийин биринчи жолу Киевге сапар алууда.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Бучада орус күчтөрү 300дөн ашуун адамды өлтүргөнүн билдирип жатат. Москва мындай айыптарды четке кагып, Бучадагы окуяларды "чагым" деп мүнөздөдү.

Орус армиясынын Бучадагы аракеттерине байланыштуу Европа комиссиясынын президенти Урсула фон дер Ляйен Москвага каршы санкциялардын бешинчи пакетин сунуш кылган. Ага ылайык, Еврошаркет Орусиядан көмүр, жыгач сыяктуу бир катар товарларды импорттоого тыюу салышы мүмкүн.

7-апрелде Евробиримдикке мүчө 27 мамлекеттин өкүлдөрү санкциялардын жаңы топтомун жактырышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG