Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:51

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев телефондон алака-катышты талкуулады


Садыр Жапаров былтыр мартта мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барган.
Садыр Жапаров былтыр мартта мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга барган.

Президент Садыр Жапаров 8-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен телефондон сүйлөштү. Президенттин басма сөз кызматы анда эки тараптуу кызматташуу, аймактагы маселелер талкууланганын билдирди.

"Садыр Жапаров Баткенде эки орто мектепти куруу, ошондой эле Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрын реконструкциялоо маселесин чечкени үчүн өзбек тарапка ыраазычылык билдирди. Ошондой эле, Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга пландалган иш сапары эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого өбөлгө болоруна ишенимин билдирди. 2022-жылдын 26-27-майында Бишкекте өтчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жана Евразиялык экономикалык форумдун жыйынына Мирзиёевдин өзү катышарын күтүп жатканына көңүл бурду", деп айтылат маалыматта.

Былтыр март айында Садыр Жапаров Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен барган жана жыйынтыгында 22 документке кол коюлган. Эки өлкөнүн лидерлери чек ара маселелерин эң кеч дегенде үч айда чечүүнү макулдашкан.

Бир айдан кийин, майда Ош облусуна караштуу Өзгөн районуда кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кемпир-Абад” суу сактагычынын плотинасын Өзбекстанга берүү тууралуу макулдашууга каршы нааразылык акциялар өткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG