Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:34

Депутат Фархат Исмаилов диплому жасалма экенин четке какты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештеги "Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясынан депутат Фархат Исмаилов анын диплому жасалма экенин жокко чыгарды. Ал "Азаттыкка" комментарий берип жатып "алар адашты го дейм, меники баары жайында. Мен өзүм түшүнбөй жатам. Бул жерде баары жайында", -деп айтты.

Мунун алдында Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) эки депутаттын диплому жасалма экени тууралуу материалдарды бергенин билдирди. Анда "Ата-Журт - Кыргызстан" фракциясынан депутат Фархат Исмаилов менен "Альянстын" депутаты Фарходбек Алимжановдун жогорку билими тууралуу документтери жасалма болуп чыкканы айтылат.

БШК атайын кызмат жөнөткөн материалдарды тиешелүү мекеме-органдар менен чогуу карап чыккандан кийин мыйзамга жараша чечим кабыл алынарын кабарлады.

Жогорку Кеңештин сайтындагы маалыматка ылайык, Исмаилов Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетти жана Юридикалык академияны аяктаган. Ал эми Алимжанов болсо жогорку билимди алгач Ош мамлекеттик университетинде, андан кийин президентке караштуу Башкаруу академиясында алган.

Фарходбек Алимжанов азырынча үн ката элек.

БШК жыл башында "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынан депутат Орозайым Нарматованын диплому жасалма деген негизде анын мандаттан ажыраткан. Экс-депутат муну саясий куугунтук катары сыпаттаган.

Апта башында атайын кызмат жасалма дипломдорду, кош жарандуулуктукту аныктоо өнөктүгү тууралуу соңку маалыматтарды берген. Анда жогорку билими тууралуу документи жасалма деп шек саналгандардын катарына министр, президенттин облустагы өкүлү, эки мэр баштаган адамдар кошулган.

Бул жолку тизмеге Жогорку Кеңештин үч депутаты менен бир гана судья кирген. Өткөн айда болсо УКМК төрт депутат менен эки судья жасалма диплом алган деп шек саналып жатканын билдирген жана учурда алардын саны азайганы тууралуу түшүндүрмө бере элек.

Андан сырткары парламенттин эки экс-депутаты, тогуз депутаттыкка талапкер бар. Ошондой эле бир министр, облустагы президенттин ыйгарым укуктуу бир өкүлү кошулган.

УКМК дипломдорду январь айынын аягынан тартып текшере баштаган жана бул өнөктүк үч айга созуларын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG