Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:37

Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө 2023-жылы өтүшү мүмкүн


Кыргызстан 12 жылдык билим берүүгө 2023-жылы өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу 8-апрелде билим берүү жана илим министрдин орун басары Надира Жусупбекова маалымат жыйынында билдирди.

Анын алдында министрлик түшүндүрмө таратып, жаңы ыкма бардык зарыл окуу материалдары иштелип чыккандан кийин жүзөгө ашырыла турганын маалымдаган.

8-апрелде таратылган расмий билдирүүгө ылайык, мектептер 12 жылдык окутууга өткөндө, балдар 6 жашынан 1-класска барат, ал эми бала бакчалар жеткинчектерди азыркыдай үч жаштан эмес, эки жашынан кабыл алат. Мектепке даярдоочу класс (0-класс) жоюлуп, окутуу дароо 1-класстан башталат.

Министрликтин маалыматына караганда, учурда 1-класска барчу балдардын 70 пайызы төрт миңге жакын мектептерде даярдоо классында окуп жатышат.

12 жылдык билим берүү системасында балдар 11 жылдык окутуудагыдай эле куракта мектепти аякташат. Аттестаттарды чет мамлекеттерде таануу жеңилдейт. Ал эми азыркы 11 жылдык окутуудагы аттестаттарды чет өлкөдө таануу үчүн Билим берүү жана илим министрлигинен кошумча маалымкат керек.

Учурда дүйнөнүн 136 өлкөсү (АКШ, Сингапур, Финляндия, Грузия, Казакстан ж.б.) 12 жылдык билим берүү ыкмасында окутат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG