Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:55

Зеленский Бородянкада курмандыктар көп экенин айтты


Украинанын Бородянка шаарчасы.
Украинанын Бородянка шаарчасы.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевдин түндүк-батышындагы Бородянка шаарчасында орус күчтөрүнүн курмандыктары Бучадагыдан да көп экенин айтты. Ал 7-апрелдин кечиндеги видео кайрылуусунда орус аскерлеринен бошотулган Бородянкада урандыларды тазалоо иштери жүрүп жатканын билдирди.

"Ал жакта кырдаал мындан да жаман. Орусиялык оккупанттардын курмандыктары мындан да көп. Орусиянын аскерлери Мариуполдо кылган иштерди дүйнө билгенде эмне болот? Дүйнө орус күчтөрү кеткенден кийин Бучада жана Киев облусундагы башка шаарларда күбө болгондорду ал жерде дээрлик бир көчөдөн көрүүгө болот. Эмне деген ырайымсыздык", - деди Зеленский.

Бородянкада тартылган видеолордон аба соккуларынан урап түшкөн көп кабаттуу үйдүн айлана-тегерегинде куткаруучулар иштеп жатканын көрүүгө болот. Украин бийлиги мындай урандылардын алдында жүздөгөн адамдар болушу мүмкүндүгүн билдирип жатат.

Орус аскерлери Киевдин жанындагы Буча шаарчасынан марттын аягында чыгып кеткен. Андан бери Бучанын көчөлөрүндө табылган жайкын тургундардын туш келди жаткан сөөктөрү эл аралык коомчулуктун кескин айыптоосуна кабылып, Москвага каршы жаңы санкцияларга себеп болду. Кремл орус күчтөрү Украинада жайкын тургундарга ок атканын четке кагып келет.

Орусия Украинага басып киргенине алты жумадан ашты. Орус аскерлери Украинанын түндүгүндөгү аймактардан чыгып кеткени менен жакын арада өлкө чыгышындагы Донбасска чабуул коюуга камданып жатканын украин бийлиги жана Батыш өлкөлөрүнүн чалгын кызматтары эскертип жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG