Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:57

Мектептерди 12 жылдык окууга өткөрүү сунушу талкууда


Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги мектептерди 12 жылдык окууга өткөрүүнү сунуштады. Бул өзгөрүүлөр качан, кандай шартта ишке ашары тууралуу толугураак маалымат бериле элек. Мекеменин өзгөрүүлөр боюнча айткандары коомдо кызуу талкууланууда.

Министр Алмаз Бейшеналиев сөз болуп жаткан демилгени мектептерди эл аралык стандартка ылайыкташтыруу, чет өлкөгө окуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү деп түшүндүрдү. Анын айтымында, Кыргызстанда 11 жылдык орто билим берүү болгону үчүн чет өлкөгө окууга өткөндө бир жыл кошумча окууга же министрликтен тастыктама кагазын алганга туура келет.

Эгер демилге колдоо тапса, даярдоо классы (0-класс) жоюлуп, балдар алты жаштан дароо эле 1-классты окуп башташат.

“Он эки жылдык мектеп окуусу дегенде биз дагы бир жыл кошуп окутпайбыз. Мурда балдарды даярдоо классы же нөлүнчү деп окутчубуз. Дүйнөдө андай ыкма жок экен. Бир жылдан он эки жылга чейин окутушуп, ошол он эки жылдын аттестатын же күбөлүгүн беришет. Кыйынчылыктар болбошу үчүн биз ансыз да нөлүнчү классты окутуп жаткандыктан ошону эле иреттештирип, он эки жылдык дейбиз. Бул жерде эч кандай шектене турган нерсе жок. Балдар глобалдык эмгек базарында ордун оңой тапсын деп жасалып жатат”.

Министрликтин түшүндүрмөсүндө 12 жылдык мектеп АКШ, Сингапур баштаган 136 өлкөдө иштеп жатканы, ал ыкма кыргызстандык балдардын чет жакта билим алышына ыңгайлуу экени айтылат.

12 жылдык окууга каршы чыгып, мекеменин аракетин сындагандар бар. Айрыкча айыл жергесиндегилер үчүн мындай ыкма пайдасыз деген пикирди төрт балалуу Байышбек билдирди. Анын айтымында, азыр жаштардын билимге болгон кызыгуусу анчейин эмес, окуунун мөөнөтүн узарткандан көрө, билимдин сапатын жакшыртуу керек.

"Чынын айтсак, балдардын 11 жылдык мектепке болгон кызыгуусу деле жок. Анан кантип 12 жылдыкты айтышат? Балдардын мектепке кызыгуусу жоголгонун мугалимге шылтайбыз, мугалим ата-энеге жүктөйт. Кандай болсо да негизи мектептен билим алууга кызыгуу мурдагы мезгилге салыштырмалуу кыскарган, муну моюнга алыш керек. Ата-энелер деле балдарынын билимдүү болушуна кызыкдар. Бирок айылда жумушсуздук болгондуктан, дароо эле Орусияга же башка пайдалуу ишке жибергиси келет".

Лейлектеги эксперименталдык гимназия мектебин түптөгөн Эмгек сиңирген мугалим Гапыр Мадаминов демилгени колдойт. Бирок аны ишке ашыруу үчүн бир топ иштерди аткаруу керек деп эсептейт.

"Жаштардын жаңы демилгесин четке кага берген болбойт. Мугалимдер деле даяр. Бирок, бир топ маселелерди чечиш керек. Шашылбай окуу куралдары, көргөзмө куралдар, ыкмаларын, баарын так эсептеп чыгып, анан ишке киргизиш керек. Комплекстүү даярдык болсо, каражат, уюштуруу иштери колго алынса, биз, педагогдор демилгени ишке ашырууга, келечектин татыктуу, билимдүү болушуна кам көргөнгө даярбыз. Бизде негиздер, баштапкы даярдык да бар. Баштапкы класстардын мугалимдери негизинен жетишерлик, буга чейин даярдоо класстарын иштетип келгенбиз да”.

Министрлик 12 жылдык окуу быйыл эмес, керектүү окуу материалдары иштелип чыгып, даярдыктар көрүлгөндөн кийин башталарын айтты. Бул демилге ишке ашса, жылына кошумча 100 миңдей бала мектепке барат. Мында мугалимдерди кайра даярдоо, окуу куралдар менен билим берүү ыкмаларында өзгөрүүлөр кирмекчи.

Мугалим Камалбек Мамытов 12 жылдык окуу тажрыйбасына каршы чыккандар айылдарда көп экенин белгиледи.

"Айыл жерлеринде ата-энелердин кабыл алышы кыйыныраак болот. Анткени, балдары мектепти аяктап, дароо кесипке ээ болсо, жумушка орношсо, кол кабыш кылса, үйгө киреше алып келсе дешет да. Азыр жазгы талаа, айдап-себүү иштери башталды. Талаачылыкта негизги күч жогорку класстын окуучуларына жүктөлөт. Жумушчу күч четке иш издеп кеткен. Ошондуктан 12 жылдык окууну ата-энелерге жакшылап түшүндүрүш керек болот".

Министрликтин маалыматына караганда, учурда төрт миңге жакын мектепке чейинки даярдоо класстары түзүлүп, толугу менен жабдылды. Бул демилгенин ишке ашышы менен бала бакчаларда тарбиялануучулардын саны да кыскарат.

Билим берүү министрлиги жакынкы бир ай аралыгында билим берүүнүн бирдиктүү стандартын жарыялайт. Ага ылайык, орто мектептердеги билим берүү сааттары кыскарып, окуу сапатына Билим берүү академиясы жоопкерчилик ала турган болду. Мектептердеги окуу сааттарынын жылдык көлөмү да 856 саатка түшүп, ар бир бала үчүн 150 сааттай кыскарат.

Президент Садыр Жапаров быйыл Билим берүү министрлигине 16 млрд. сомдон ашык кошумча каражат бөлүнгөнүн, бардык категориядагы мугалимдердин айлыгы кеминде 50% көтөрүлөрүн айткан.

Кыргызстанда эки жарым миллиондой окуучу менен студент бар. Агартуучулардын саны 186 миңден ашат. Өлкө боюнча 345 авариялык абалдагы орто мектеп иштеп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG