Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:09

Эмдөөнүн маанисин түшүнбөгөн дарыгерлер көп


Кыргызстандык дарыгерлер. Коронавирусту аныктаган мобилдик топ. Февраль, 2022-жыл. Иллюстрация.
Кыргызстандык дарыгерлер. Коронавирусту аныктаган мобилдик топ. Февраль, 2022-жыл. Иллюстрация.

Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө 20% жете электигин билдирүүдө. Мындай төмөн көрсөткүчкө медиктер арасында өздөрү эмдөөнү толук түшүнбөй, калкка жеткиликтүү маалымат бербей жатканы себеп экени айтылды.

Ушундан улам азыркы тапта дарыгерлер менен медайымдарга эмдөөнүн маанисин калкка жеткиликтүү тилде түшүндүрүү ыкмаларын үйрөткөн семинарлар өтүп жатат.

Бишкектин четиндеги Көлмө жаңы конушунун үй-бүлөлүк дарыгери Акылай Эсенгелдиева коронавирустун вакцинасы жаңы келгенде анын курамында эмне бар экенин билбей, бир топ чочулаган. Дарыгер алгач эмделүүгө келген адамдарга жаңы вакцина тууралуу толук маалымат бере алчу эмес.

Акылай Эсенгелдиева, дарыгер
Акылай Эсенгелдиева, дарыгер

"Вакцина биринчи келгенде албетте биз өзүбүз аябай эле коркконбуз. Анткени жаңы нерсе болгондуктан кандай экени, ден соолукка тийгизген таасири, курамында эмне бар деген суроолорго өзүбүздө маалымат жок эле. Ошондуктан кооптонуу чоң болчу. Бирок келген адамдарга "бул вакцина көп изилдөөдөн өттү, муну сайдырсаңар, ооруңар жеңил өтөт" деп жубатууга аракет кылчубуз. Ошентсе да ичибизде баары бир шектенүү бар эле".

Эмдөө боюнча Чүй менен Бишкек артта

8-апрелге карата Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын эки дозасын 1 млн. 250 миңден ашуун адам алды. Анткен менен Саламаттык сактоо министрлиги бул көрсөткүч калктын жалпы санын эсептегенде өтө төмөн экенин белгилейт. Айрыкча Бишкек менен Чүй облусу эмделгендердин саны боюнча эң арткы орунда турат.

Шаардагы калк жыш жайгашкан Дордой базарына чукул жаңы конуштарды тейлеген №10 бейтапкананын дарыгери Батма Акматова вакцина тууралуу маалыматтын аздыгына ички миграция да кошулуп, эмдөө көрсөткүчү көтөрүлбөй жатканын айтат.

"Эл арасында жугуштуу ооруларга каршы эмделбегендер аябай эле көбөйүп кетти. Биз аларга түшүндүрүп айтып бере албай жатабыз. Эмделгендердин пайызы аябай эле аз. Кендирди кескен эң чоң көйгөй - ички миграция. Туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок балдар аябай көп, бир үй-бүлөдө төрттөн, бештен балдардын күбөлүгү жок жашай беришет. Ата-энесинин паспорту жок, мындай жарандарды бейтапканага каттоого алуу да мүмкүн эмес. Себеби, азыр баары санариптешип, биздин участокко карагандардын баарын электрондук каттоого алышыбыз керек да. Ким экенин билдирген расмий документи жок адамды каттоого ала албайбыз. Демек, мындай жарандар вакцина да сайдыра алышпайт. Коронавирус боюнча вакцина тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү аябай эле кыйын. Ал тургай балдардын пландуу эмдөөсүнө каршы чыгып, тил кат жазгандар көбөйдү".

"Интернеттеги фейк маалыматтар кыйнайт"

Медиктер ошондой эле вакцинанын курамындагы заттар тууралуу фейк, жалган маалыматтардын ар түрдүү социалдык тармактарда кеңири жайылышы да калктын вакцинадан баш тартуусуна себеп болуп жатканын айтышууда. Азыркы тапта өлкөдө Sinopharm, Pfizer, Astra Zeneca, Спутник V вакциналары менен эмдөө жүрүп жатат. Вакцинанын үчүнчү, бустердик дозасын алгандардын саны 170 миңден араң ашты.

Бишкектеги №8 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун догдуру Мунара Сыдыкова интернеттеги фейк маалыматтарга дарыгерлердин алы жетпей калганын белгилейт:

"Көбүнчө интернетте вакцинанын зыянына байланыштуу жалган маалыматтар көп таркап жатат. Мурда диний көз караштагы ата-энелер балдарын эмдеткенден баш тартып келсе, эми ага фейк маалыматтарга ишенип алып, эмдөөдөн качкандар да кошулду. Азыр вакцинага каршы чыккандардын арасында ушундай эки катмар бар. Антивакциналык маалымат чыныгы, бейтарап кабарларга караганда көбүрөөк. Анан эл дарыгерлерге ишенишпейт. Дарыгерлер да жеткиликтүү маалымат бере албай кыйналууда. Азыркы башкы көйгөйлөр ушул болуп жатат".

Вакцина саюу учуру.
Вакцина саюу учуру.

Дарыгерлердин вакцина тууралуу билимин өнүктүрүү үчүн USAID Кыргызстанда "Жергиликтүү саламаттык системасын чыңдоо" долбоорунун алкагында 1300дөн ашуун медицина кызматкерин окутууда. Атайын семинарларда догдур жана медайымдар коронавируска каршы вакцинанын түрлөрүн, алардын курамындагы заттарды окуп жатышат. Эмделүү үчүн адам кандай абалда дарыгерге кайрылышы керек, бейтаптар менен ынанымдуу мамиле куруу багытында маалымат берилүүдө.

Сабактарга коронавируска каршы эмдөө деңгээли өтө аз болгон Чүй облусу менен Бишкек шаарынын дарыгерлери тартылууда. Республикалык ден соолукту чыңдоо, оорулардын алдын алуу борборунун тренери Айнагүл Сулайманованын оюн угалы:

Айнагүл Сулайманова
Айнагүл Сулайманова

"Биз дарыгерлерди психологиялык жактан бейтаптын көңүлүн өзүнө бурдурууга жана ишенимине ээ болууга окутуп жатабыз. Себеби, медиктер элдин ишенимин жоготуп алышты. Өлкө боюнча COVID-19га каршы эмделгендер 17% гана болгону аябай төмөн деңгээл да. Кеминде 70% жогору болушу керек эле. Айрым медиктер бейтаптарды эмделбегиле деп үгүттөп жатканына күбө болуудабыз. Бул вакцинанын кооптуу дегендик эмес, болгону ал дарыгер же медайым жетиштүү билим алган эмес. Демек, дарыгер адамдын физиологиясын, иммунитетин, вакцинанын курамын билбейт. Бул эми аябай опурталдуу көрүнүш. Кокус Израилде ушул сыяктуу окуя болсо, андай дарыгердин лицензиясын алып, таптакыр медицинага жолотпой коймок. Бизде боло берет деген мамиле өкүнтөт. Биз семинарда дарыгерлерге вакцинанын курамы, анын пайдасын адамдарга туура, ишенимдүү, жеткиликтүү жана жөнөкөй тил менен түшүндүрүп берүү ыкмаларын үйрөтүп жатабыз".

Расмий маалыматка караганда, соңку бир аптадан бери Кыргызстанда коронавирустан каза болгон бейтаптар каттала элек. Аны жугузуп алгандардын расмий саны да дээрлик азайа баштады. Ошол эле маалда Кытайдын бир катар шаарларында коронавирус күчөп, чектөөлөр киргизилген.

Дарыгерлер эмдөө адамды вирустан коргобосо да, кокус ал жугуп калса кошумча ооруларды козгобой, адамдын жеңил айыгуусуна шарт түзөрүн тынбай эскертип келишет.

Дүйнөдө бир жумадан бери коронавирустан каза болгондордун саны 43%га азайган. Кыргызстанда 8-апрелге карата бир кишиден вирус аныкталып, эки жылдан бери инфекция 196 288 кишиден чыкты. 2991 кыргызстандык коронавирустун курмандыгы болду.

Адистер акыркы бир нече айда вирустан каза болгондордун көпчүлүгү эмделбегендер экенин аныкташкан.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG