Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:33

Түркмөнстан кайра локдаунга түштү


Ашхабад шаарынын тургундары. 2021-жыл.
Ашхабад шаарынын тургундары. 2021-жыл.

Түркмөн бийлиги өлкөдө коронавирус бар экенин четке какканы менен, ишембиден тарта вируска байланыштуу толук локдаун жарыялады.

Түркмөнстанда 15-январдан баштап коронавируска байланышкан чектөөлөр күчөтүлдү. Бирок бул тууралуу бир да расмий маалымат тараган эмес. Соода борборлору, базарлар, мейманкана жана дүкөндөр карантинге жабылганын башкалаа Ашхабаддын тургундары ишембиде эртең менен гана билишкен.

"Мен үчүн бул күтүүсүз болду. Анткени шаардагы маданий-оюн зоок борборлору жума күнү кечке чейин иштеп жаткан, ишембиде баары жабылып калды. Ресторанда иштегендер локдаун жарыяланганын ишемби күнү таң эрте жумушка чыкканда гана билишти. Жаңы чектөөлөр февралга чейин уланат деп айтып жатышат", - деди шаар тургандарынын бири.

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын кабарчылары Ашхабаддагы бардык кийим-кече базарлары менен эс алуучу жайлар, дүкөндөр, чач тарачтар жана башка тейлөө мекемелери толук жабылганын билдиришүүдө. Азык-түлүк дүкөндөрү гана ачык, иштеп жатат. Театр жана концерттик залдар да жабылды.

Ал арада 15-январда Түркмөнстандын башка аймактарында да чектөөлөр киргизилгени белгилүү болду. Балкан, Лебап жана Мары облустарында бардык коомдук жайлар жабык экени кабарланды.

"Шаардагы ресторан, кафелер кокусунан эле жабылып калды. Түркмөнабад шаары менен райондордун ортосундагы автобус каттамдары кайрадан токтотулду", - деди Лебап облусунун Фарап районунун жашоочусу.

Ал эми Түркмөнстандын түштүк-чыгышында жайгашкан Мары облусунун тургуну "Азаттык" менен телефон аркылуу байланышып, аймактагы жагдай тууралуу айтып берди.

"Биздин аймак кайрадан толугу менен жабылды. Мары облусуна кирип-чыгуу чектелди. Базарлар, ресторандар, дүкөндөр жабык. Ансыз деле акыркы он күндөн бери текшерүүлөр күчөгөн. Эл карантин жөн эле шылтоо экенин өз ара талкуулап жатышат, бирок чындыгында бийликтегилер баш аламандык болушу мүмкүн деп кооптонуп турушат".

Иллюстрация.
Иллюстрация.

Муну менен катар жекшембиде пандемияга байланыштуу чектөөлөрдөн улам Түркиядан Түркмөнстанга кете албаган жарандардын бир бөлүгү мекенине кайтты. "Түркмөн аба жолдорунун" учагы Түркиядан Түркмөнабадга 250дөй кишини алып келгени кабарланды.

"Азаттык" радиосунун түркмөн кызматынын жеке булагы Түркмөнабадга учуп барган жүргүнчүлөр коронавируска текшерилип, 21 күндүк обсервацияга алынганын айтты.

Расмий Ашхабад эл аралык авиа каттамдарды пандемия башталгандан бери токтоткон. Ошондон бери чет өлкөдөгү миңдеген түркмөнстандыктар, анын ичинде студенттер жана чет элдик ооруканаларда дарыланган бейтаптар өлкөсүнө кайта албай жүрүшкөн.

Түркмөн бийлиги өлкөдө коронавирус бар экенин четке какканы менен айрым аймактарда карантиндик чектөөлөрдү киргизген. Түркмөнстанда коронавирус менен ооругандардын жана көз жумгандардын саны былтыр жайында өсө баштаган. Ошондо башкалаа Ашхабад, Лебап жана Мары шаарларында бир катар ооруканалар, бүтүндөй айыл-кыштактар, аймактар карантинге жабылган. Мындан улам түркмөн бийлиги кайрадан карантиндик чектөөлөрдү да жана калкка милдеттүү түрдө эмдөө киргизген. Бирок жаңы жылды утурлай айрым чектөөлөр жеңилдетилген болчу.

Ал арада дем алышта Тurkmen.news сайты оорулардын жайылышы менен күрөшүү боюнча атайын комиссиянын 23 пункттан турган локдаун тууралуу болжолдуу чечиминин көчүрмөсүн жарыялады.

Анда чек ара аймактарынын жашоочуларына 1-февралга чейин облус борборуна, башка аймактарга чыгууга тыюу салынганы жазылат. Жергиликтүү бийликке базар, соода борборлору, ресторан, кафе жана дүкөндөрдүн ишмердүүлүгүнө чектөө киргизүү тапшырылган.

Атайын комиссия ошондой эле 15-январдан 1-февралга чейин Ашхабад шаарынан облус борборлоруна авиа каттамдардын санын кыскартуу чечимин кабыл алды.

Былтыр октябрда Түркмөнстанда 25 миңден ашуун адам COVID-19дан каза тапканы кабарланган. Мындай көрсөткүч түркмөн бийлиги коронавирустун жайылышын моюнга албай келген жагдайда биринчи жолу купуя жарыяланды. Коронавирустан каза болгондордун эң көбү Түркмөнстандын Мары жана Лебап аймактарында катталган.

Буга карабастан түркмөн бийлиги өлкөдө коронавирус жок экенин жарыялап, бул сөздү расмий колдонууга да тыюу салган. Ал тургай былтыр Түркмөнстандагы пандемия абалын ыр менен түшүндүргөн акын Мурат Авезов беш жылга эркинен ажыратылган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG