Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Өзбекстанда медицинанын төбөлдөрү иштен алынды


"Тез жардам" унаасы, Ташкент.
"Тез жардам" унаасы, Ташкент.

Расмий Ташкент Саламаттык сактоо министрлигинин кызматкерлеринин 40% иштен алынганын кабарлады. Буга "алардын иште натыйжалуу жыйынтык көрсөтө албаганы" себеп болгон.

Шейшембиде Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлигинин кезексиз жыйыны өтүп, анда министрликтин кызматкерлеринин 40 пайызы жумуштан алынганы жана аларга төмөнкү деңгээлдеги медициналык мекемелерден жумуш сунушталганы кабарланды.

"Акыркы убакта Саламаттык сактоо министрлигине элибиздин медицина тармагына нааразычылыгы боюнча көптөгөн кайрылуулар түшүп жатат. Анткени системада көптөгөн көйгөйлөр бар. Айрыкча, көпчүлүк аймактарда медициналык тейлөөнүн сапаты дагы эле талап кылынган деңгээлде эмес. Тармакта бюрократиялык тоскоолдуктар жана коррупция тилекке каршы өкүм сүрүп турат. Бул тууралуу президент Шавкат Мирзиёевдин жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана эл менен жолугушууларында бир нече ирет айтылган. Мунун баары саламаттык сактоо системасындагы көйгөйлөрдү чечүүдө заманбап, жаңычыл, демилгелүү жана кесипкөй кадрлардын жетишсиздигинен болуп жатат",- деп жазылат министрликтин Telegram каналында.

Маалыматка караганда, жолугушууда Өзбекстанда медициналык кызмат көрсөтүү тиешелүү деңгээлде эмес экени талкууланып, иштен алынган кызматкерлер өз ишинде натыйжалуу жыйынтык көрсөтө албаганы сынга алынган.

Ошондой эле быйыл жыл башынан бери Саламаттык сактоо министрлигинин үстүнөн мурдагы жылдарга салыштырмалуу эки эсе көп арыз түшкөнү, алардын көбү сапатсыз медициналык жардамга даттанганы айтылат.

Жолугушууда медициналык кызмат көрсөтүүнүн начардыгынан жүрөк-кан тамыр оорулары акыркы беш жылда 20%, кант диабети, көз, бөйрөк оорулары 10% көбөйгөнү баса белгиленди.

Ал арада Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Өзбекстан эпидемияга даярдыгы боюнча рейтингде Казакстан менен Кыргызстандан кийин үчүнчү орунда турат.

Бул рейтингди Жонс Хопкинс университети, Nuclear Threat Initiative көз карандысыз уюму жана Economist журналынын аналитикалык борбору түзгөн.

Дүйнөнүн 195 өлкөсү кирген бул рейтингде Өзбекстан 82-орунда турат. Ал эми Казакстан 55-орунда, Кыргызстан 68-орунда, Түркмөнстан 119-орунда жана Тажикстан 140-орунда экени жарыяланды.

Алдыңкы бештикке АКШ, Австралия, Финляндия, Канада жана Таиланд кирген.

Жарыяланган рейтинг мамлекеттердин эпидемияны алдын алуу жана аныктоо мүмкүнчүлүгү, саламаттык сактоо органдарынын даярдыгынын деңгээли, ооруканалардын ишинин сапаты сыяктуу факторлордун негизинде түзүлгөн.

Жалпысынан бул көрсөткүчтүн түзүүчүлөрү дүйнөлүк саламаттыктын абалына терс баа беришти.

"Көптөгөн өлкөлөр COVID-19 менен күрөшүү боюнча дараметин тез өнүктүргөнү менен, алар келечектеги эпидемиялык жагдайга каршы турууга даяр эмес", - деп белгилешет изилдөөчүлөр.

Көпчүлүк өлкөлөр, анын ичинде өнүккөн мамлекеттер эпидемияга даярдыгын жогорулатууга жетиштүү инвестиция салбаганы баса белгиленет.

Ушул айдын башында "Түштүк Кореядан учуп келген өзбекстандык жарандан коронавирустун "омикрон" штаммы аныкталды" деген кабар соцтармактарда кеңири жайылып, ал бейтап 250дөн ашык киши менен жолукканы кызуу талкууланган.

Өзбекстандын санитардык-эпидемиологиялык кызматынын жетекчисинин орун басары Нурмат Отабеков бул кабарды дароо четке каккан.

"Эгерде өзбекстандыктардан "омикрон" штаммы аныкталса биз ачык кабарлайт элек. Бирок Түштүк Кореяда бул штаммдын түрү аныкталса, анда биз ал өлкө менен авиакаттамдарды тыкыр текшерүүгө алмакпыз. Албетте, жаңы штаммдын жайылуу очогуна айланган өлкөлөр менен түз аба байланышыбыз болбогону менен анын Өзбекстандын аймагына экинчи жана үчүнчү өлкөлөр аркылуу кирүү мүмкүнчүлүгүн жокко чыгара албайбыз", - деди Oтабеков "Янги замон" телеканалына курган маегинде.

Муну менен катар Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө коронавирус жуктургандар боюнча эң төмөнкү көрсөткүч катталганын, шейшембиде вирус 210 кишиден аныкталганын расмий билдирди. Жыл башынан бери бул эң төмөнкү көрсөткүч экени айтылды.

Ал эми 14-декабрга карата Өзбекстанда коронавирус жуктургандардын саны 196 303 адамга жетти. Вирустан 1445 бейтап каза болду.

Деген менен өзбек басылмалар ооругандар коронавирус боюнча расмий статистикадан кыйла көп экенин, дарыгерлер менен катардагы өзбекстандыктардын арасында "коронавирус менен ооруп айыктык" деген пикир кеңири тараганын жазып келет.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG