Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Ысык-Көлгө күн электр станциясын куруу меморандумуна кол коюлду


Меморандумга энергетика министри Доскул Бекмурзаев жана "EcoEner" компаниясынын өкүлү кол коюшту.  
Меморандумга энергетика министри Доскул Бекмурзаев жана "EcoEner" компаниясынын өкүлү кол коюшту.  

Ысык-Көл облусунун аймагына күн электр станциясын куруу пландалууда.

8-апрелдеги расмий кабарга ылайык, 260 МВт күн электр станциясын жана ГЭС куруу үчүн Министрлер кабинети менен "EcoEner" испан энергетикалык компаниясынын ортосундагы меморандумга кол коюлду.

Ошондой эле 1000 мВт күн электр станциясын куруу боюнча "China Power International Development Limited (CPID)" жана "China Railway 20 Bureau Group Corporation (CR20G)" кытай энергетика консорциуму менен да инвестициялык келишимге кол коюлду.

"EcoEner" энергетикалык компаниясы энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында гана иштейт. Компания Испания Королдугу, Сербия, Гондурас, Гватемала, Доминикан, Панама, Колумбия, Эквадор, Кения жана Грузия сыяктуу өлкөлөрдө ишмердик жүргүзөт.

Ал эми кытай компаниясы Пакистан, Вьетнам, Казакстан, Германия, Австралия, Бразилия, Чили жана Мексика сыяктуу өлкөлөрдө иштейт.

Меморандумга энергетика министри Доскул Бекмурзаев жана аталган компаниялардын өкүлдөрү кол коюшту.

Өкмөт энергетика тармагындагы кризисти жоюу үчүн чакан электр станцияларын курам деген ишкерлерге бир топ жеңилдиктер берилгенин айткан.

Энергетика министрлиги тарабынан республиканын аймагында 48 электр энергия чыгаруучу объектилерин курууга сертификаттар берилген. Бир нече кичи ГЭСтердин курулушу башталды.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров "Камбар-Ата-1" ГЭСинин курулушу жакында башталарын, ага 500 миллиондой доллар бөлүнөрүн айткан.

Кыргызстанда жети ири гидроэлектр станциясы иштейт: Токтогул, Күрп-Сай, Шамалды-Сай, Таш-Көмүр, Үч-Коргон, Камбар-Ата-2, Ат-Башы. Алар өлкөдөгү электр энергиясынын 83% ашыгын өндүрөт. ГЭС жабдууларынын 80% эскилиги жеткен.

Быйыл Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан Кыргызстан соңку жылдардагы эң ири энергетикалык кризиске туш болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG