Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:35

Британия Путиндин кыздарын санкциялык тизмеге кошту


Акробатикалык рок-н-ролл менен алектенген Екатерина Тихонова Польшадагы мелдеште, 2014-жылдын апрель айы.
Акробатикалык рок-н-ролл менен алектенген Екатерина Тихонова Польшадагы мелдеште, 2014-жылдын апрель айы.

Британия орус президенти Владимир Путиндин кыздары Мария Воронцова менен Екатерина Тихонованы санкциялык тизмеге кошту. Расмий Лондондун 8-апрелде жарыялаган чечимине ылайык, Путиндин кыздарын Британияда кандайдыр бир мүлкү болсо, алар камакка алынат.

Президенттин кыздары менен кошо Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун кызы Екатерина Винокурова да британ тараптын "кара тизмесине" киргизилди.

6-апрелде Кошмо Штаттар да Орусиянын бул үч жаранына санкция салган.

"Биздин мурда болуп көрбөгөн санкцияларыбыз орус экономикасын аксатып, элитага жана алардын үй-бүлөсүнө сокку уруп жатат", - деп билдирди Британиянын тышкы иштер министри Лиз Трасс.

Британ тараптын маалыматына ылайык, санкциялардан улам орус экономикасы Советтер Союзу ыдырагандан берки эң чоң рецессияга туш болушу мүмкүн. Буга чейин Лондон Орусиянын эл аралык валюта резервинин 60 пайызын камакка койгон болчу.

Бир күн мурда Кремл эндокринолог Мария Воронцова менен илимий менежер Катерина Тихонова президент Владимир Путиндин кыздары экенин расмий түрдө биринчи жолу моюнуна алган. Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Москва Путиндин кыздарына салынган санкцияга сөзсүз жооп кайтарарын эскерткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG