Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:06

46 жаштагы эркекке сексуалдык зомбулук көрсөткөндөр жазалана элек


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Нарында 46 жаштагы эркекке сексуалдык зомбулук көрсөткөндөр жазаланбай жатат деп жабырлануучунун жакындары нааразы болуп жатышат. Алардын айтымында окуя болгондон беш айга жакын убакыт өтсө да милиция жыйынтык чыгара элек.

"Былтыр, 16-ноябрда кечинде төрт кошунабыз келип, агамды сыртка чакырып кетишкен. Алар байкеме сексуалдык зомбулук көрсөткөн экен. Милицияга арыз жазганбыз. Бирок күнөөлүүлөр жазаланбай жатат", - дейт жабырлануучунун атын атагысы келбеген жакыны.

Нарын облустук милициясынын басма сөз кызматынын билдиришинче, бул окуя боюнча Жазык кодексинин 162-беренеси (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) менен кылмыш иши козголгон. Топтолгон материалдар Бишкек шаарына соттук-медициналык экспертизага жиберилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG