Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:30

Казакстанда Январь окуяларында кармалгандар ачкачылык жарыялады


Алматы шаарындагы нааразылык, 5-январь 2022-жыл.
Алматы шаарындагы нааразылык, 5-январь 2022-жыл.

Казакстандын Өскемен шаарында январь айындагы ири нааразылыктан кийин кармалган 16 киши абакта ачкачылык жарыялады.

Адвокаттардын айтымында, алар тергөө амалдарынын кечеңдешине жана өздөрүн камакта кармоо мөөнөтүнүн дагы бир айга узарышына нааразы болуп жатышат.

"16 жаран 6-апрелден бери тамактан баш тартып жатышат. Алар жапырт башаламандыктарга катышты деген шек менен кармалган. Алар түзөтүү мекемеси аркылуу Чыгыш Казакстан облусунун прокуроруна арыз жолдошту", - деп билдирди адвокат Анара Кусаинова.

Анын билдиришинче, ачкачылык кармап жаткан жарандар тергөө иштерин жана соттук териштирүүлөрдү адилет жүргүзүүнү, өздөрүн үй камагына чыгарууну талап кылып жатышат.

Өскемендеги түзөтүү абагынын өкүлдөрү камактагылар ачкачылык жарыялаганы тууралуу маалымат жок экенин билдиришти.

Казакстанда расмий эсеп боюнча кеминде 230 адамдын өмүрүн алган январь окуялары маалында жана андан кийин миңдеген адам кармалып, жүздөгөн киши "терроризм", "жапырт башаламандык", "курал-жарак уурдоо" сыяктуу айыптар менен камакка алынган. Алардын көбү камакта катаал кыйноолорго кабылганын билдиришкен. Эл аралык укук коргоо уюмдары казак бийлиги тынч митингге чыккан жарандарды камакка алганын сынга алып келет.

Казакстандын Ички иштер министрлиги тергөө абактарындагы кыйноолор тууралуу билдирүүлөрдү четке каккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG