Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:11

Microsoft: орусиялык аскердик тыңчылардын киберчабуулу токтотулду


Microsoft корпорациясынын Франциядагы кеңсеси.
Microsoft корпорациясынын Франциядагы кеңсеси.

Америкалык Microsoft корпорациясы орусиялык аскердик тыңчылардын Украинага, Европа Биримдигине жана АКШга багытталган хакердик чабуулдарын токтотуп калганын билдирди.

Дүйнөдөгү ири технология компаниясы 7-апрелде жарыялагандай, Strontium деп аталган хакерлердин тобу киберчабуулдарды ишке ашыруу үчүн интернеттеги жети доменди колдонгон. Алар Евробиримдик менен АКШдагы өкмөттүк мекемелерге жана аналитикалык борборлорго, Украинадагы бир катар институттарга, анын ичинде медиа уюмдарга тыңчылык кылууну көздөшкөн.

Microsoft хакердик чабуулга кайсы уюмдар же мекемелер туш болгонун так айткан жок.

Адатта бул компания Орусиянын аскердик чалгын кызматына байланышы бар экени айтылып келаткан Fancy Bear же APT28 хакерлер тобун Strontium деп атайт.

Орусиянын Вашингтондогу элчилиги Microsoft корпорациясынын билдирүүсү боюнча Reuters агенттигинин суроосуна жооп бере элек.

Москва 24-февралда Украинага басып киргенден бери украин тарап бир нече жолу киберчабуулга кабылган.

XS
SM
MD
LG