Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

Аба ырайы: көпчүлүк аймактарда өткүн өтөт


Чүй өрөөнү.
Чүй өрөөнү.

Кыргызигдромет борбору күн ысыганына байланыштуу 12-апрелге чейин тоолуу райондордо, тоолуу автоунаа жолдорунда кар көчкү коркунучу бар экенин эскертти.

9-апрелде түнкүсүн Баткен, Жалал-Абад облустарынын айрым райондорунда жамгыр жаайт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түштүк-батыштан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12...17, күндүз 24...29,

Талас дубанында түнкүсүн 6...11, күндүз 19...24,

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7...12, күндүз 20...25,

Нарын жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 17...22,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 6...11, күндүз 17...22,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -5...-10, күндуз 1...6,

Бишкек шаарында күндүз өткүн өтөт. Түнкүсүн 10…12, күндүз 23…25°.

XS
SM
MD
LG