Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

Манас Саматов: Айыл чарбабыз артта калып кетти


Кыргызстандагы айдап-себүү иштери. 27-апрель, 2020-жыл.
Кыргызстандагы айдап-себүү иштери. 27-апрель, 2020-жыл.

Кыргызстанда айдап-себүү иштери аяктап калды. Дүйнөдөгү кризистик кырдаалдан улам өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу коомдогу башкы темалардын бирине айланды. Өлкөдөгү талаачылык иштери кандай жүрдү, дыйкандардын аракети кандай болууда? Айыл чарбасын каржылоого бөлүнгөн 26 млрд. сомдун таасири экономикалык жагдайды өзгөртүп, азык-түлүк коопсуздугун камсыздай алабы?

Бул суроолорду "Элдик экономика" түрмөгүндө айыл-чарба жаатындагы адис Манас Саматов менен талкууладык.

"Айтылган сөз менен жасалган иш эки башка"

Манас Саматов.
Манас Саматов.

- Манас мырза, сизди ар дайым талаада дыйкандарга кеп-кеңешиңизди, көмөгүңүздү берип жүргөн адис катары билебиз. Быйылкы талаачылык иштери кандай жүрдү, дыйкандар эгин-тегинин эгип бүтүп калыштыбы?

- Коом, айыл-чарба өндүрүшү баягы бойдон эле келатат. Бул улуттун тагдырына ушунчалык таасир кыла тургандай даражага жетти. Артта калып кетти деп айтсак туура болот. Эч кандай өзгөрүү болгон жок. Дыйкан-фермерлер өзү менен өзү, өкмөт өзү менен өзү.

- Өкмөт 2022-жылы "Айыл чарбасын каржылоо" долбоорунун алкагында дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүүгө 10 млрд. сом бөлгөнүн кабарлаган. Анын ичинен "Өсүмдүк өстүрүү", "Мал чарбачылык" жана "Айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүү" тармактарына 2 млрд. 803 млн. сомдон ашуун насыя берилгенин, тагыраагы коюлган план 28% аткарылганын жарыялады. Сиздин баамыңызда быйыл дыйкан-фермерлер насыя менен жетиштүү эле камсыз болуштубу?

- Арифметика деген илим бар. "26 млрд. сом бөлүндү, эч качан мындай болуп көргөн эмес" деген даават жүрүп атат. Туура, бирок ошол 26 млрд. сомдун 10 млрд. сому кимге берилип атат, 6 млрд. сому кимге берилди, калган сумма кандай бөлүнүп жатат? Мунун ичеги-чабагын сууруп түшүндүргөн киши жок. Түз айтканда, баягы эле 10 млрд. сомду "Кластердик бирикмелер" деген түшүнүксүз кишилер бөлүп алышат экен дагы, калган 454 миң фермердик чарбалар кезек күтүп эле отурат экен. Анан "биз электрондук кезекке койгонбуз" деп айтышат. Бул көз боёмочулук. Өкмөт тараптан жасалган көз боёмочулук. Ошондуктан, фермерлерге "арзандатылган", "жеңилдетилген" деп илимде жок сөздөр менен айтылып келе жаткан пропаганданын бардыгы куру сөз.

- Акылбек Жапаров өкмөттүн апрель айынын аягындагы жыйынында айыл-чарбасын быйылкы насыялоону сынга алды. Ал "республиканын эгемен тарыхында алгачкы жолу агроөнөр-жай тармагын өнүктүрүүгө рекорддук суммадагы каражат бөлүнгөнүнө карабай, жыйынтыгын көрбөй жатабыз" деп айтты. Жапаров айыл чарба министрлигинин жеңилдетилген насыяларды дыйкандарга жеткирүүдөгү ишин жетишсиз деп атады. Сиз министрликтин, тиешелүү мекемелердин айыл-чарбасын өнүктүрүү, дыйкандарды колдоо боюнча быйылкы аткарган иштерин кандай болду деп эсептейсиз?

- Ошол Акылбек Жапаров айткан сөздөрдүн, айтылган сөз менен жасалган иштин ортосундагы айырма таптакыр башкача. Бул өкмөттүн аракетине "нөл" деген баа берет элем. Бул фермерлерге карата көз боёмочулук. Мындай сөздөрдү айтып түздөн-түз алдап жатышат. Биз эл аралап жүрөбүз. Мен али "6% менен насыя алдым" деген кишини учурата элекмин. Булар болсо алдын ала эле 10 млрд. сомду бөлүп алышыптыр. Бөлүшүүнү пландап алышыптыр. Элде ызы-чуу чыккандан кийин эми "биз ал тизмени кайра чакырып алдык, ана-мына" деп күн өтүп жатат. Бирок быйылкы айдап-себүү мезгили ушуну менен бүттү. Быйылкы жаз ушуну менен эле өтүп кетти. №309 токтом, баягы эле "Айыл чарбасын каржылоо" деген программаны 2013-жылдан бери жасап келатышат. Көрсө, булар 2013-жылдан бери эле "кайра иштетүүчү ишканаларга 6% менен, дыйкан-фермерлерге 10% " деп бөлүштүрүп алып келе жатышкан экен. Өкмөт жалаң эле бай өндүрүшчүлөр менен иштейт экен дагы, 454 миң фермер көмүскөдө калып кетет экен. "Мына, айыл-чарбасына бердик" деп доомат катары айтат, иш жүзүнө келгенде белгилүү бир "дежур фирмалар" менен иштеп жан багат экен. Мунун артында кандай сыр бар экендиги мага караңгы.

"Өкмөттө айыл чарба өндүрүшүн түшүнгөн киши жок"

- Сиз өкмөттүн жумушу эмнеден аксады деп ойлойсуз? Насыя берүүнүн механизмдеринде кандайдыр бир кемчиликтер болдубу? Барып алууга дыйкандардын мүмкүнчүлүктөрү чектелип калдыбы?

- Өкмөттө айыл чарба өндүрүшүн түшүнгөн бир дагы киши жок. Министрликте дагы бир да киши жок. Булар жалаң өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөгөн жетекчилер отурат. Анан алар кантип башкарат? Өзүнүн ишин билбеген жетекчи кол алдында иштеген кишилерге кантип тапшырма берет? Өзүнүн ишин билбеген кишилер кантип бүтүндөй бир тармакты башкарып кете алат? Мүмкүн эмес! Өкмөт кызмат бөлүштүрмөй менен эле отурат. Көз боёмочулук менен, элдин көзүнө топурак чачып, "26 млрд. сом бөлдүк" деп элди алдап күн өткөрүп келатат.

- Өкмөт быйыл ирригация системасын жакшыртууга 1 млрд. сом бөлгөн болчу. Анын таасирлери сезилип жатабы?

- Бир каналды ачып эле ирригация жакшы болуп калды дегенге болбойт. Мен көптөн бери айтып келе жатам, ирригация системасын санариптештирип, адистердин колуна берүү керек. Жанагы СПА (суу пайдалануучулар ассоциациясы – ред.) деген өзүн актаган жок, аны жоготуш керек. Реформаларды жасаш керек деп айтып эле келе жатабыз. Бизди уккан эч ким жок. Билем десең "сунуш жаса" дейт. Биз кимбиз сунуш жасагыдай? Он бир миң киши иштеген министрлик ал жерде эшек такалап отурабы? Эгер өздөрү сунуш жасап, тармакты жетелеп кете албаса, анда 11 миң кишини кармап отуруштун эмне кереги бар? 2 млрд. сомго жакын айлык алышат. Анда министрликти жоюп эле, каражатын банктар аркылуу дыйкан-фермерлерге 6% менен насыя кылып бербейби? Бизге андай башкарманын кереги жок. Ар бир фермер өзүнө-өзү кожоюн. Эгерде министрликте, өкмөттө идеясы жок болсо, анда бизге мындай башкаруучулардын тап-такыр кереги жок.

"Жерлерди пайдалануу коэффициенти өтө төмөн болду"

- Дыйкандар быйыл эгин-тигинин кантип эгишти? Үрөн, көчөт, жер семирткич, күйүүчү май, дары-дармектерди алууда каражат жагын кантип чечип жатышат?

- Жер семирткичтин, үрөндүн баалары асманга чыгып кетти. Биз баягы эле бойдон Америкадан, Канададан, Германиядан, Түркиядан үрөн алып келип сээп, оокат кылып атабыз. Булар болсо Орусиядан бир нерселерди кымбат баада алып келип, аны дагы бөлүштүрө, жеткире албай, өздөрүнчө эле саясат кылып атышат. Бизге анын эч кандай көлөкөсү тийген жок. Чарба иштери менчик фермерлердин колунда болушу керек. Министрлик – бул жоопкерчилиги чектелген ишкана эмес. Министрлик, өкмөт идеяны бериши керек, чыныгы колдоо көрсөтүшү керек. Дыйкандарга бир сөздү айтып, тескери карап өз ара бөлүштүрүп алган – бул кылмыш иши. Өкмөт мына ушундай саясатты жүргүзүп келе жатат.

-Баамыңызда быйыл айдоо аянттары кандай болду? Бардык эле жерлер эгилдиби же кол жетпей калган учурлар барбы?

-Натыйжалуу пайдалануу жагын айта турган болсок, жерлерди пайдалануу коэффициенти өтө төмөн болду. Бирок, айттым го, өкмөт кандай гана кылбасын – бул өкмөттүн эмгеги эмес. Дыйкандар жанталашып күзгү-жазгы буудай айдашты, жазгы арпа себишти, жүгөрү эгип жатат. Эл аракет кылып, жанталашып иштеп жатат. Бирок, өтө оор абалда иштеп атат.

- Дыйкандар эмнеге көп басым жасап жатышат?

- Менде так маалымат жок. Бирок менин кыдырып жүргөнүмө караганда, элдин бардыгы бак тигүүгө аракет кылып жатат. Жердин өздөштүрүү структурасы өзгөрүп жатат. Ар ким өз алдынча чечим кабыл алып, өз жолу менен баратат. Бирок, жалпы картинаны сүрөттөп бергенге менде так маалымат жок.

- Дыйкандын эмгеги акталышы үчүн дары-дармек, жер семирткичтер жетиштүүбү, баалары кандай?

- Баалар асманды чапчып атат. Былтыркыга салыштырмалуу аябай кымбаттап кетти. Азыр Чүйдө арпа, буудай себилип бүттү, жүгөрү дагы бүтүп баратат. Көчөттөр бүт өлкө боюнча отургузулуп бүттү. Жумуш өз нугу менен баратат. Бизге өкмөттүн бары-жогу эч кандай сезилген жок. Мына, кечээ эле Ысык-Көлгө барып келдим. Өкмөт жоктой. Өкмөт фермерлерге эч кандай конкреттүү жардам берген жок. Муну так-даана айтып бере аламын. Бул сөзүмө бардык жерде жооп бере аламын.

- Кыргызстан быйыл эмнени көп өндүрөт дагы, кайсы азыктарга суроо-талап көп болот?

- Эл мындай кыйынчылыкты өткөн кылымдын 90-жылдары башынан өткөргөн. Билесиңер, жапырт кара нан жеп калганбыз. Ошону эстеп, көп кишилер аз-аздап буудай айдап алышты. Көпчүлүк кызылча, жүгөрү өстүрүүнү үйрөндү. Арпа-буудайдын жакшы үрөндөрүн сээп, жогору түшүм алууну үйрөндү. Бардыгы өз алдынча аракет кылып, өзү менен өзү келе жатат. Ошондуктан, эч кандай каатчылык, терс көрүнүштөр болбойт. Эгерде өкмөт менен фермерлердин ортосундагы мамиленин жакшынакай формуласы болсо, биздин айылдарыбыздын өнүгүшүнө чоң жол ачылат эле.

"Фермерлер менен кеңешпей туруп чечим кабыл алышат"

- Дүйнөдөгү акыркы окуялардан улам өкмөт өз чечимдерине өзгөртүү киргиздиби? Азык-түлүк коопсуздугун жакшыртуу боюнча кандайдыр бир чечимдери болдубу?

- Мен катардагы фермермин, менде мындай маалыматтар жок. Өкмөт бизди такыр аралаштырбайт. Биз сезген жокпуз. Биз үчүн өкмөт, министрлик жок. Алар фермерлерди аралаштырбай чогулуш өткөрүшөт. Фермерлер менен кеңешпей туруп чечим кабыл алышат. Өздөрү менен өздөрү. Булар өзүнчө бир каста, коррупциялашкан каста. Буларга фермерлердин, фермерлерге булардын эч кандай тиешеси жок.

Аксы: дыйкандын мээнетин чегиртке мойсоду
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:39 0:00

- Өкмөттө Украинадагы окуялардан улам антикризистик программа иштелип, аларды ишке ашыруу боюнча комиссия түзүлгөн. Анын ишинин натыйжасы айыл-чарба жаатында байкалдыбы?

- Өкмөттүк комиссия түзүлдү дегенде "өлдү" деп эсептей берсек болот. Ал комиссия эч кандай жыйынтык бербейт. Эл менен иштеш керек. Буудайды да, арпаны дагы, кызылчаны дагы, жүгөрүнү дагы эл өстүрөт. Ал комиссиянын буту жеткен жерге чөп чыкпайт. Алар өздөрүнө ыңгайлуу болгон чечимдерди кабыл алып отура беришет. "Төө көрдүңбү, жок. Бээ көрдүңбү, жок" болуп.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG